АКШдагы алдыңкы эки партиянын өкүлдөрү кирген комиссия Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча докладын президент Бушка, Ирактын жетекчилерине сунуш кылат. Ак үйдүн басма сөз өкүлү Тони Сноу президент Буштун администрациясы докладды дыкат изилдеп чыгат деп белгиледи.