«Көмүр кожоюну» атыккан айыпталуучунун адвокаты Жумабек Шакировдун айтымында, он сегиз томдук материал менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери да таанышып жатышат. Башкы прокуратура бүтүм чыгаргандан кийин материалдар сотко өткөрүлмөкчү. Бул болжол менен январь айына туш келиши мүмкүн. «Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуев былтыр 23-майда Бишкекте камакка алынып, ага чоң өлчөмдө мамлекеттик мүлктү уурдаган деген айып тагылган. №1 убактылуу кармоочу жайда отурган Мотуев айыпты мойнуна ала элек.