Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЖАШТАР ХИПИКке КАРШЫ ЧЫГЫШЫП, КАРАКЧЫ ӨРТТӨШТҮ


Кыргызстандын эларалык каржы уюмдарынын HIPC демилгесине кошулуусуна жаштар менен бейөкмөт уюмдары каршылык билдирүүдө. Кечээ алар Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында эларалык каржы уюмдарынын аты жазылган каракчыны өрттөшүп, Улуттук банк, өкмөт үйүнүн жанында пикет өткөрүштү.

Тыш карыз, HIPC тууралуу ушу тапта оголе көп сөз болуп, эмнеликтен Кыргызстан дүйнөнүн эң кедей делген өлкөлөрдүн арткы катарынан орун алып калышынын себеп-жөнү, анан да алынган карыздардын эсеп-чоту жайында калыс пикир, ачык маалымат айтылбай келатат.

Жазуучу Ахунбай Кошоев мурдагы, азыркы бийлик иштин негизги чоо-жайын айтпай, баарын жашырып келүүдө, деген пикирде:"Келерки жылдан баштап тышкы карызды төлөш керек. Ошону төлөгөнгө иштеп, өндүрүштү өнүктүргөнгө көздөрү жетпей, булар ХИПИКке бизди киргизип мурда уурдалган 2 миллиард доллардын 1 миллиардын ушул программа менен жаап, чыгып кетүүнүн амалын жасашууда. А.Акаев ушул ахывалга жеткизди."

Ушул эле ойду белгилүү ырчы Сагымбек Момбеков да колдойт:"Төлөй турган адамдарды сурай албай жатышат. Бул Ф.Куловдун алсыздыгы. Бул К.Бакиевдин алсыздыгы."

Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттери Назгүл менен Айбек сабактарын таштап нааразылыгын билдирүүгө келишкен. «Бизди мугалимдер айдап алып антимитингге алып барышчы эле, бул жерге өзүбүз келдик» дешет алар.

Назгүл: "Бул ХИПИКке кирип калсак, көз каранды болуп калабыз да. 500 сомдон стипендиябызды бере алабыз."

Айбек: "ХИПИК деген сөз бул начар, эң өнүкпөгөн мамлекет дегенди билдирет."

Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдындагы пикет эларалык каржы уюмдарынын аты жазылган каракчыны өрттөө менен жыйынтыкталды.

Жол боюна каракчы орнотуп аны өрттөө мыйзамга каршы келерин улам-улам эскертип жаткан Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси Талант Шатманов милиция кызматкеринин эскертүүлөрүнө карабастан, бул жерде өрттөгөндүгү үчүн алар жооп бериши керек деп билдирди.

HIPC демилгесине Кыргызстандын киришине каршы чыккандардын катары күндөн-күнгө арбып баратат. Өз өлкөсүнүн ушунчалык оор абалга кептелгенине нааразы болгон жаштар колунан келген каражатты чогултуп, кыйын абалдан чыгуунун амалын баарылап издөөнү белгилешүүдө. Жаштардын демилгеси азыркы бийлик төбөлдөрүнө жетеби-жокпу, бул да азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG