Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

КУРМАНБЕК ЖОРОЕВ: “2000-ЖЫЛДАРЫ КОРРУПЦИЯ МЫНЧАЛЫК ГҮЛДӨГӨН ЭМЕС»


Маектешкен Кожогелди Култегин, Бишкек Эмне үчүн Кыргызстандагы коррупциянын азайышына Коррупцияны алдыналуу боюнча Улуттук агенттиги өбөлгө түзө алганы жок? Эмне үчүн сот бийлигиндеги, менчиктештирүү тармагындагы одоно мыйзам бузуулар алигиче салтанат куруп келет? Ушул жана башка маселелер тууралуу Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдыналуу Улуттук агенттигинин комиссары Курманбек Жороев ой бөлүшөт.

-Урматтуу Комиссар! Сиз жетектеген Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдыналуу улуттук агенттиги уюшулганда абдан туура болду, баарысын ушул теске салат деп, эл-журт өтө чоң нерсени үмүт этти эле. Анан эле дым-дым, сиздердин натыйжалуу ишиңиздер көрүнбөй аткандай...

-Биздин бул улуттук агенттик Президент Курманбек Салиевичтин 2005-жылдын 21-октябрындагы жарлыгы менен уюшулган. Бирок, агенттик ушул жылы сентябрдан гана толук кандуу иштеп баштады. Себеби, 26-августтан 6-сентябрга чейин конкурстук негизде кызматкерлерибизди кабыл алдык. Азыр республика боюнча 30дан ашык кызматкер былтыр кабыл алынган Коррупция менен күрөшүү мамлекеттик стратегиясынын негизинде иш алпарууда. Андан башка дагы эл тарабынан бизге көп арыздар түшүп жатат. Кээ бирөөлөр коррупциялык элементтер пайда болгондугун айткан менен, өздөрүн тааныштырышпайт, беймаалым калгысы келет. Кооптонушат окшойт. Иш баштаган аз эле убакыттын ичинде биздин улуттук агенттик тарабынан 80ге жакын расмий арыздар көзөмөлдөөгө алынды. Коррупция элементтери аныкталган иштерди башкы прокуратурага жиберип жатабыз.

- Курманбек мырза, Коррупцияны алдыналуу улуттук агенттигинде иш жаңы эле башталып атканын баса белгилеп атасыз. Иш ошо биринчи башталганда катуу кетчү эле, кайсы багыттарга басым кылып жатасыздар?

-Ысыккөлдө пансионаттарды туура эмес менчиктештиргендерди, арзан баага сатылып кеткендерди, Ысыккөлдөгү кеме жасоо иштериндеги көйгөйлөрдү, Кыргыз темир жолундагы нааразылыктарды, Чүй өрөөнүндө, айрыкча Аламүдүн районунда жер басып алууларды териштирип жаткан кезибиз.

-Дароо колго эмне илинди экен?

-Маселен, биз түзгөн комиссия Аламүдүн районунун мамлекеттик акимчилиги 8 гектар жерди туура эмес бөлүштүргөндүгүн ырастап, Мытыев дегендин ишин прокуратурага өткөрдүк эле, ал иш азыр соттук кароого жиберилиптир.

-Коррупциянын алдыналуу улуттук агенттиги, албетте, укук коргоо органдарына кирбейт?

-Эң негизги максаты – алдыналуу да, кылмыштуулукка жеткирбей сактап калуу. Мыйзамдардын өзүндөгү катачылыктарды да ачып көрсөтүү. Бүгүн биз биринчи жолу ушул улуттук агентигибиздин түзүлгөндүгүнүн бетачар аземин өткөрдүк. Эл аралык уюмдардан, элчиликтерден, өкмөттүк эмес уюмдардан көптөгөн меймандар келишти. Дагы кандай багыттарда иштесек болот – ошолор туурасында да кеп-кеңештерин айтышты

-Сизди кайсы сунуштар айрыкча ынандырды?

-Салык саясатындагы карама-каршылыктуу мыйзам беренелерин аябай белгилешти. Коррупциянын жаралышына ошолор жол ачарын кыйытышты.

-А өзүңүздөр бүгүнкү күнгө чейин кандайдыр бир талап менен же сунуш менен чыктыңыздарбы?

-Маселен, Ысыккөл райондук сотунун төрагасы менен дагы бир судьясынын мыйзамсыз иштерин ашкереледик. Соттор коммерциялык иштерге аралашпаш керек да. Алар болсо кабаттап салган үйлөрүнө атайын патент алуу жолу менен жайы бою эс алуучулурды кармашкан. Пайдага туйтунган. Маалыматтарды Президенттин алдындагы сот иштери боюнча улуттук кеңешке, Президент акимчилигинин башчысына, Өкмөткө чейин бергенбиз.

Ысыккөлдүн айланасындагы пансионаттарга байланыштуу 10 чакты арыз түштү.Мыйзамсыз, арзан баада алгандардын ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары да бар. Алардын жыйынтыктары чыкканда басма сөздөргө жарыялайбыз. Баарысын эл билсин. Азыр сот бийлигине да таптакыр ишеним калбаптыр. Төрага, орунбасарлары каалаган иштерге кийлигишет экен. Керек болсо Президенттин, өкмөт башчысынын аттарын саткан учурлар бар. Мен 2000-жылдары сыртка кеттим. Ага чейин Жогорку сотто иштечүмүн. Коррупция ошол жылдары азыркыдай күчтүү эмес болчу менин байкашымда. Азыр эми коррупция менен күрөшүүгө мамлекет башчысы менен өкмөт башчысы түздөн-түз колдоо көрсөтпөсө - өтө коркунучтуу акыбал пайда болот. Президентибиз Курманбек Салиевичтин президенттикке талапкер кезиндеги элдин көңүлүнө төп келген программаларынын бири да ушул коррупцияга каршы күрөш болчу.

-Курманбек мырза, дагы мындай бир сөздөр айтылып келет да элде: коррупция десе эле майда-чүйдөлөрдүн артынан түшүшөт, чоңдору, негизгилери калып калууда, балыктарга катылып, киттерине тийбейт дешет. Буга сиздин көз карашыңыз?

-Бул нукура чындык, болгон эле нерсе. Эл эч качан калп айтпайт турбайбы. Ошол эле 10 миңдин тегерегинде айлык алган чиновник кабат-кабат үйлөрдү салып атканын көрүп таңгалып келген кошуналар бар да. Жумалиев жөнүндө айтып жүрүшпөйбү, элдик ыңкылап болгондо үйлөрүндөгү орнотулуу раковина-унитаздарына чейин чыгарып ташып кетиптир деп. Баарысы алтын жалатылган дейби. Каяктан алган акчалар ал? Элге билинип эле турат да. Азыркы кезде деле чоң коррупционерди кармашса бийлик адамдары коё бердирип жатпайбы. Себеби, акчасын алышат, өздөрү каржылык мыйзамдарды сакташпайт.


-Курманбек мырза, мына жаңы-жыл да алыс эмес. Ушу жаңы жылда Коррупцияны алдыналуу улуттук агенттиги өзүн көрсөтө алабы? Айрыкча кайсы багыттарда иштейсиздер?

-Биздин адистер да мурда бул багытта иштеп көрбөгөндөр да. Окутуп-чокутуп атабыз айрымдарын сырттан. Жаңы жылдан төрт багытта иштөөгө камынып турабыз – мамлекеттик бажы инспекциясындагы, мамлекеттик каржы инспекциясындагы, МАИдеги жана сот тармагындагы мыйзамсыздыктардын бетин ачсак деген тилегибиз бар.

XS
SM
MD
LG