Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

18:00 Ысыккөл облусунда биринчи жолу ветеринардык амбулатория ишке кирет


Ал ПРООНдун “Жайыттарды жамааттык башкаруу” долбоорунун алкагында курулуп бүттү. Жайыт жерлерди жергиликтүү элге кайрып берүү боюнча Ысыккөл районунун Темир айыл өкмөтүндө иштеп жаткан ПРООНдун долбоору мал дарылоочу атайын жай ачты. Долбоордун адиси Санжар Султанкулов
бул жерде жандык жана бодо малдын ылаңын алдын алуу, көлмөгө салуу, ошондой эле жасалма уруктандыруучу бөлмөлөрдүн комплекстүү иш алып бараарын түшүндүрдү. Кыргызстандагы ветеринардык тармак иштебей турганын сынга алган айыл чарба жамаат жетекчиси Максат Борончиев бул амбулаторияга долбоор алты миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Дарылоо иши жаңы жылдан башталат. (NkR)

XS
SM
MD
LG