Жаңы конституцияга ылайык парламент структурасын өзгөртүү маселесин депутаттар ушул шейшембиден бери талкуулашып, бирок бир пикирге келе албай жатышат. Депутат Өмүрбек Текебаевдин 14 комитет, 5 комиссия болсун деген сунушу кечээ добуш берүүнүн экинчи айлампасынан өтпөй калды. Бүгүн парламент түзүмү боюнча жаңы варианттар талкууга коюлмакчы. (SM)