Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

БЕНЗИН ЭМДИГИ ЖЫЛДЫН ЖАЗЫНА ЧЕЙИН КЫМБАТТАБАЙТ


Күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы жакынкы айларда кымбаттабайт. Мындай билдирүүнү Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов маалымат жыйынында жасады. Дүйнөлүк базарда эле мунай баасы кескин көтөрүлүп кетпесе Кыргызстанда бензин менен дизель майынын баасы туруктуу сакталышы мүмкүн.

1-декабрдан тарта өкмөт буйругуна ылайык күйүүчү, майлоочу майларды ташып келүү, сатуу менен алектенген чарбалык субъекттердин иши бекем көзөмөлгө алынууда. Максат - бажы, салык тоскоолдуктарынан кыйгап өткөн аткезчиликке бөгөт коюу, жолун бууп салуу амалы.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун айтуусунда, бул өзү базар-нарк мамилелерине анчалык коошпогон иш-чара, бирок да мунай жаатындагы «көмүскө экономиканын» жолуна бөгөт койчу жападан-жалгыз амал.

- Бул жагдайдан чыгуунун жакшы жолу эмес. Ачык эле айталы, бул өзү жөндөөнүн рынокко коошпогон усулу. Бирок азырынча башка нерсени ойлоп таба элекпиз. Албетте, бир-эки жылдан кийин мунайзат базарын жөндөп алган соң бул чаралардын зарылдыгы деле болбой калат.

Мунайзат Кыргызстан экономикасына олуттуу таасир көрсөткөн, өлкө казынасына ири өлчөмдөгү салык түшүргөн тармак бойдон калууда. Б.Мамбетов өткөн жылы күйүүчү-майлоочу майларды ташып келгендер, аны бул жерде саткандар бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом салык түрүндө төгүшсө, быйыл ал көрсөткүчтү 1,5 миллиард сомго жеткирүүнүн камын көрүшүүдө деп билдирди. Кыргызстандын бир жылдык күйүүчү-майлоочу майларга керектөөсү болжол менен 800 миң тоннаны түзсө, быйыл андан көбүрөөк өлчөмдөгү май ташылып келинген.

Күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүү, сатуу ишин катуу көзөмөлдөө декабрь айынан башталды, дейт өкмөт алдындагы мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүм башчысы Турат Имеров.

- 6 –7 күндөн кийинки иште айрым маселелер такталып калды. Бардык чарбалык субъекттер счет-фактуралар менен камсыз болгон. Ал эми контролдук пломбду жеринде жооптуу салык инспекторлору коюшат. Алардын баары керектүү жабдыктар менен камсыз болушкан,- дейт Т.Имеров.

Май куюу жайларына ташылып келинген бензин менен дизелдик күйүүчү майларды антип башынан-аяк кылдат көзөмөлдөп, так эсебин алып туруунун натыйжасы кандай болгону эмдиги жылы жарыя кылынарын Базарбай Мамбетов билдирди.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти жакынкы айларда Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы кымбаттабастыгын жарыя кылды.

- Мунайдын дүйнөлүк базар баасынын улам-улам өзгөрүлүп турганына карабастан, 2006-жылы Кыргызстанда баа жагынан кескин айырмачылыктар болбоду. Азыр АИ – 80 бензиндин бир литри 19 сом 20 тыйындан сатылууда. Ушундай эле баа жыл башында да болчу. Январь айында 18 сом 70 тыйын эле. 11 айдан бери бир баа кармалып турат. Дизелдик күйүүчү май февралда 20 сом болчу. Азыр 21 сомдон сатылып жатат. Баа көтөрүлгөн жок. Элге айтып койчу сөз, ушул жылдын аягында, кийинки жылдын башында баа көтөрүлбөйт.

Күйүүчү-майлоочу майларды Кыргызстан негизинен Орусия менен Казакстандан сатып алат. Ошол себептүү ушул эки өлкөнүн өндүрүшчүлөрүнө толугу менен көз каранды. Жылына 500 миң тоннага чейин мунайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү Жалалабаттагы завод сырьенун жоктугунан толук иштей албай турат. Өткөн жылы кыргыз мунайчылары 80 миңге жакын тонна карамай өндүрүшкөн. Завод үчүн ал өтөле аз. Мамлекет колундагы иши жүрүшпөгөн заводдун кендирин кескен дагы бир проблема Ош, Жалалабат, Баткен облустарын аткезчилик аркылуу каптап кеткен Өзбекстандын арзан бензини менен керосини болууда. Алардын арзан товарынын жанында Кыргызстанда иштелип чыккан күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кымбат.

XS
SM
MD
LG