Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ: КАЗЫНАГА МАМИЛЕ ЖАНА АР КАНДАЙ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ БЮДЖЕТ


7-декабрда Жогорку Кеңеште келерки жылдын бюджет долбоору боюнча парламенттик угуулар болду. ПРООНдун колдоосу менен уюштурулган угууларда талкуу негизинен эки деңгээлдеги бюджетке өтүү керекпи, же төрт деңгээлдүү бюджет менен жашоону уланта берүү керекпи деген суроонун айланасында болду.

Ушул кезге чейин Кыргызстанда төрт деңгээлдүү бюджеттик система иштеп келатат. Ага ылайык бюджеттик каражаттар республикалык, облустук, райондук каржы системасы аркылуу айыл өкмөттөрүнө жана керектөөчү мекемелерге жеткирилет. Ал эми сунуш кылынып жаткан эки деңгэлдү системада каржы жана экономика министрлиги бюджет боюнча түздөн-түз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен иштешмекчи.

Бейшемби күндөгү талкууда алгач каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров сүйлөп, парламенттик угууга келген облус, айыл өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана Жогорку Кеңештин депутаттарына келерки жылдын бюджети, эки деңгээлдүү бюджет кабыл алына турган болсо, анда пайда боло турган коркунучтар тууралуу маалыматын берди.

Парламенттик угууга коюлган долбоор эки деңгээлдүү бюджет болду. Жапаровдун айтымында, министрлик төрт деңгээлдүү бюджет долбоорун да даярдап койгон.

2007-жылда республикалык бюджеттин кирешеси 22 милилард 866 миллион сом, чыгашасы 28 милилард 817 миллион сом деп пландаштыруулада. Инфляция көлөмү 5 пайыз, Ички дүң продуктынын өсүшү 5.5 пайыз деп эсептелип, тышкы карызга 2 милилард 92 миллион сом чегерилүүдө.

Эки деңгээлдүү бюджет долбоору кабыл алынса пайда боло турган коркунучтар тууралуу Акылбек Жапаров буларды атады:

-Бул биринчиден бийликтин вертикалынын начарлашы. Анткени муну менен губернатор, акимдердин (каржы жаатында) бийлиги жоюлуп, ошону менен каржы жана экономика министрлигинин иши көбөйөт. Анткени азыркыга чейин биз жети облус, эки чоң шаар менен түздөн-түз иштеп жатсак, эми беш жүзгө жакын субьект менен иштешибиз керек болот. Экинчи бир коркунуч, бюджеттин киреше бөлүгүн аткарылышынын төмөндөшү.

Депутат Сооронбай Жээнебков эки деңгээлдүү бюджеттик системага өтүүнү жактап, ал система коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун белгиледи:

-Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери төрт тепкичтүү бюджет менен иштеп келдик. Андан эмне таптык? Эч нерсе тапкан жокпуз. Бул системаны өзгөртүш керек. Коррупцияны жоебуз дейт. Кайдан жоюлат төрт тепкичтүү бюджет болсо. Жоюлбайт. Төрт баштуу президент келсе да жоюлбайт. Мына ушундай реформа менен жоюлат көп нерсе. Реформа болмоюнча бизде алдыга жылуу болбойт.

Каржы жана эконми министрин, жалпы өкмөттү Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов кескин сынга алды:

-Бүгүнкү күндө Каржы министрлигинин иши башаламандыкка алып барууда. Бүгүн жыл аягы келип турган чакта алар келерки жылдын бюджети кандай дэңгээлде болоорун билбей турушат. Алар территориялык-административдик кандай саясат болоорун да билишпейт. Өкмөттүн жаңы структурасы белгисиз. Жаңы салык кодекси жок. Мындай шартта кантип бюджет кабыл алабыз?.

Бирок Жапаров сынга макул эместигин айтып, бюджет долбоору август айынын соңунда парламентке жөнөтүлгөнүн, жаңы Салык кодекси да парламенттин кароосуна коюлганын белгиледи.

Талкууда айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү эки деңгээлдүү бюджеттик системаны жактаарын айтышты. Бирок облустук жана райондук өкүлдөр 7 облус губернатору менен сүйлөшүүгө убакыт таба албаган каржы жана экономика министри жүздөгөн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кандай иш жүргүзөт деп чочулоодо.
Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин кароого кирише элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG