Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандын тышкы иштер министри Куршид Казури менен жолугуп, Пакистандан ооган аймагына куралдуу согушкерлер жашыруун кирип атканына нааразычылыгын билдирди. Пакистандык министр менен президент Карзайдын кечээ Кабулда өткөн сүйлөшүүсүнүн борборунда чек ара коопсуздугу болду.