Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Европа Биримдигине күрүү үчүн Түркия көрүп жаткан аракеттер жетишсиз


Европа Биримдигинде төрагалык кылган Финляндиянын айтымында, Биримдикке мүчө болуп кирүүгө ниеттенген Түркия тарабынан кабыл алынып жаткан аракеттер али жетишсиз. 7-декабрда Анкара - Кипрдин кемелери үчүн өзүнүн бир портун ача турганын билдирген. "Түркия тараптан көрүлүп жаткан аракеттер анын 'Анкара протоколун' толук аткарууга алып келет деп биз үмүттөнөбүз. Бирок азырынча ал көрүп жаткан кадамдар жетишсиз", - деди кечээ күнү Финляндиянын премьер-министри Матти Ванханен. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Түркия маселесин 11-декабрда Брюссел шаарында талкуулайт.

XS
SM
MD
LG