Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

АCКАР АКАЕВДИН МИЛЛИОНДОРУН КИМДЕР БӨЛҮП АЛЫШТЫ?


Акыркы күндөрү мурунку президент Аскар Акаевдин байлык-мүлкүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин дымып калганына тынчсыздангандар пайда боло баштады. Маселен, мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров, жаңы бийлик Акаевдердин байлыгын жаап-жашырып, өз-ара менчиктеп алып, кылмыш ишин атайылап ачпай жатат деген ойдо. Ал эми баш прокурор Камбаралы Конгантиев иштин ачылбай жатышын Россия өкмөтүнүн Акаевдерди кайтарып бербей жатканы менен байланыштырууда.

Былтыркы жылдын март окуясынан кийин, мурунку президент Аскар Акаевге жана анын жакын чөйрөсүнө карата, өтө көп өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алышты деген айып менен бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ошол кездеги баш прокурор Азимбек Бекназаров Акаевдерге таандык делген ондогон ишкана-жайлардын атын атап, алар энчилеп алган миллиондор жакын арада мамлекетке кайтарыла турганын айтканы бар. Бирок, көп өтпөй Бекназаров кызматынан алынып, ошол миллиондордун кайда экендиги али күнгө чейин белгисиз.

Депутат Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген маегинде, Акаевдердин миллиондорун азыркы бийлик тартып алып, башка менчиктерди өз ара бөлүшүп, козголгон кылмыш иштерин жаап отурганын билдирди:

- Россияга барып, Казакстанга барып, алардын акциясын тартып алып, өздөрүнө которуп, башка менчиктерди бөлүштүрүү менен алек болушуп, азыркы бийлик баарын жаап отурат. Ошондуктан биз козгогон иштердин баары токтоп турат.

Анткен менен Баш прокурор Камбаралы Конгантиев Акаевдердин байлык-мүлкүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши жыйынтыктап калганын билдирүүдө. Анын айтымында, тергөө иштерин толук жыйынтыктоо үчүн Акаевдердин өздөрүн суракка алуу керек. Ал эми аларды Россия тарап бербей жатат.

- Тергөө иштери тергелип, такталып, бүт бардыгы иреттелип турат. Аскар Акаев өзү жок. Ал кишини суракка алыш керек. Айдар Акаевди суракка алыш керек. Аларды мына Россия кармап бербей жатат. Биз ал жерге барып тергөө иштерин жүргүзгөнгө укугубуз жок. Ошондуктан азыр ошол кишилерди кармасак, Россия берсе, ишти бүтүрүп сотко өткөрөбүз, - дейт Камбаралы Конгантиев.

Депутат Азимбек Бекназаров Баш прокурордун айткандарын куру шылтоо катары баалады. Ал, эгерде азыркы бийликтин саясий эрки болбосо бул кылмыш иши эч качан ачылбайт деген ойдо:

- Москвага барып, Калиев дегенди ошол жерден сурап, ошол жерден баш коргоо чарасын өзгөртүп, кылмыш жообун кыскартып коё бергенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Анан эле берки кишилерди сураганга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп калат бекен. Саясий эрк керек бүгүнкү бийликтин, Бакиевдин, Куловдун, Конгантиевдин дагы. Эгер саясий эрк болбосо бул кылмыш иши эки кылымда да аягына чыкпайт.

Ал эми Москва облустук өкмөт башчысынын орун басары Василий Громов, башка өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары атайын уруксаттын негизинде Россия чегинде кадимкидей эле тергөө иштерин жасап жатышканын билдирди:

- Эгер өз кызматкеринин өлүмүн териштирип жүргөн Британия коопсуздук кызматынын ишин карасак баары айкын болот. Алар биздин баш прокуратуранын уруксатын алып, бизге келип тиешелүү адамдар менен тергөө иштерин жасашты. Бул схема Акаевге карата деле иштеши мүмкүн, - дейт Василий Громов.

2005-жылдын 24-мартынан кийин мурунку президент Аскар Акаевге жана анын жакын чөйрөсүнө карата 102 кылмыш иши козголгон эле. Иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде экендиги аныкталган. Тергөө учурунда 206,9 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Ошондой эле жалпы суммасы 1,5 миллиард сомдон ашуун баадагы Акаевдерге таандык делген үй-мүлктөргө арест салынган.

Учурда бул кылмыш иштери айыпкерлердин Кыргызстанда жоктугуна байланыштуу токтоп турат. Ал эми мурда маалым болгондой айыпталып жаткан Акаевдердин үй-бүлөсү Москва калаасында жашайт.

XS
SM
MD
LG