Экс-депутат Мамат Орозбаевдин жактоочулары нааразылык акциясын эртең кайрадан улантышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мамат Орозбаевди коргоо” коомдук комитетинин жетекчиси Динара Мамадалиева билдирди. Анын айтуусунда дүйшөмбү күнү Ош облустук прокуратуранын алдында экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен пикет уюштурулмакчы.
Жакында эле депутаттык мандатынан ажыратылган Мамат Орозбаев кызмат ишинен кыянаттык менен пайдаланган, өтө көп өлчөмдө мамлекеттик мүлк уурдаган деген айып менен 8-декабрда Ош ИИБнын убактылуу камоочу жайына камалган.