Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

ОРУСИЯДА АДАМ УКУГУ БОЮНЧА АБАЛ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнү. Орусияда анализчилер кийинки учурда адам укугунун абалы кескин оорлоп кеткенин белгилешүүдө. ИНТЕРФАКС агенттигине берген маегинде «Мемориал» борборунун жетекчиси Олег Орлов шайлоо мыйзамына кошулган жаңы толуктолор, пенсионерлер менен майыптарга жеңилдиктердин бузулушу, армиядагы жагдай, түрмөлөрдөгү абал, качкындар маселеси, Түндүк Кавказдагы кырдаал адам укуктарына капкан салуу болду деген.

Бул күнү Москвада адам укугун коргоочулардын экинчи курултайы ачыларын айтышкан. Анын катышуучулары бийликке өкүмөттүк эмес уюмдар боюнча чыгарылган мыйзамды жойдуруу талабын коюшат деп "Азаттыктын" кабарчысына Хелсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева айткан.

БУУнун Башкы ассамблеясы 1948-жылы Адам укугунун жалпы декларациясын кабыл алган. Ал декларациянын жердигинде бардык мамлекеттерде жашаган адамдардын укук негиздери томдолгон.

Орусияда адам укугун коргого алгандар кийинки учурда бул багытта жагдай кескин өзгөргөнүн айтышат. Адам укугун коргоо багытында кеңири таанымал инсан Сергей Ковалевдун баамында өлкөдө адам укугу азыр советтик кездегиге караганда дурус. Ошол эле учурда азыркы тушта саясий кине менен түрмөгө кесилгендер бар. Чеченстанда кан төгүү уланып атат. Советтик кездегидей күн сайын эң жогорку деңгээлде калп айтуу болуп турат.

-Биз эркин шайлоо укугунан ажырадык. Бийлик колдон-колго өткөрүлүп берилүүчү нукка түшүп атат. Көз карандысыз сот түзүлүшүнөн небак каңтарылганбыз. Федерация болуудан да калдык. Бизде мамлекеттик цензура жок, бирок андай цензуранын бар экенин жакшы билебиз, - дейт Ковалев мырза.

Жекшембиде Маскөөдө ачылган адам укугун коргоочулар курултайында ушундай анализ жазалган. Ал жерде сүйлөгөндөрдүн бири Хелсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева айым Кремлдин өкүмөттүк эмес уюмдарга жасаган чабуулуна туруштук берүү үчүн көз карандысыз уюмдардын биригүүсү керек экендигин, керек болсо, оппозициялык партиялар менен биригип иш алып баруу керек экендигин белгилеган.

Орусияда адам укугун бийлик ачык да жабык да тебелеп тепсеши жарандардын ишенимин өчүргөн. Ошол себептен атуулдар өз укугун коргоодон качып калышканын белгилешкен. Сексенден ашуун субъектин биринде да эл аралык адам укугунун талабына ылайык келген шарт жок экенин белгилешкен.

Ошол эле учурда Орусиянын президенти Владимир Путин өкүмөттүк эмес уюмдарга карата айткан пикиринде (10-февраль, 2006) алардын ашыккан кайраткер экендигине таң калган:

-Ал кишилер чет элдик акча төлөөчүлөрүнүн калканчынын алдында туруп, өздөрүн жыргап атабыз, коопсузбуз деп ойлошот. Чын эле алар ошондойбу? -деп суроо берген Путин.

Аларды анан бийлик кайра каттоого алып ошондон соң Орусияда өкүмөттүк эмес уюмдар саны кескин азайган.

XS
SM
MD
LG