Премьер-министрдин маалымат катчысы Азамат Калмандын билдиришинче, структуранын кандай болоору азырынча белгисиз, бирок анда айрым агенттиктерди кыскартуу, бириктирүү тууралуу сөз болууда. Өлкө президенти Курманбек Бакиев болсо өткөн жумадагы жолугушуулардын биринде өкмөттүн жаңы структурасы азыркысынан анча айырмаланбастыгын билдирген. (SM)