Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Экс-диктатор Пиночет дүйнөдөн кайтты


Аугусто Пиночетти акыркы сапарга узатуу аземи мамлекеттик деңгээлде өтпөйт, ал аскерий жөрөлгөлөр менен 12-декабрда көмүлөт, деп билдирди Чилинин өкмөтү. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Пиночет кылмыштары үчүн жоопко тартылбай каза болгонуна өкүнүүлөрүн билдиришти. Чилинин мурунку диктатору Пиночет 91-жаш курагында Сантьягодо кечээ түшкө маал көз жумду. Мындан бир жума мурун ал жүрөктүн инфаркт оорусу менен ооруканага түшкөн. Ал 1973-жылы аскердик төңкөрүш менен бийликке келген жана 17 жыл бийликте турган убакта миңдеген адамдар өлтүрүлгөн жана дайынсыз жоголуп кеткен.

XS
SM
MD
LG