-Зыяратчылардын алгачкы тобун 11-декабрь күнү таңга маал жөнөттүңүздөр. Алдыдагы он күн аралыгында калган зыяратчыларды жеткирүү үчүн дагы отуздан ашуун каттам жасалат го?
-Отуздай эмес жыйырмага жакын болот. Быйылкы жылдын бир өзгөчөлүгү учак менен учушат. 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү саат он экиден тартып, алтыга чейин Ош аэропортунда болдук. Ал жерде эл абдан көп чогулду. 120 адамды жөнөттүк. Ал зыяратчыларга өзүбүздүн шартыбызды түшүндүрдүк. Герби түшүрүлгөн, байрактары бар кийимдерди кийүүсүн, тууусун бийик көтөрүү дегендей. Анткени ажыга барганда ал жерде жер шаарынан беш миллиондой мусулмандар чогулат. Ошол жерде Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин көрсөткөн, өзүлөрүнүн кийимдери, туусу менен жүрсүн деген. Кыскасы ажылык зыяраттар кабыл болсун деген жакшы сөздөрдү айттык. Өткөндө мамлекеттик катчы эки жолу, вице-премьер министр үч жолу, акыркылары кечээ жума күнү вице-премьер Табалдиев менен дагы бир жолу жолугуштук. Ал жерде чек ара, бажы кызматы, башка күч органдырынын жетекчилери менен болду. Алтынчы күнү губернатор Сатыбалдиев менен ошол эле структуралар менен дагы бир жолу жолугуштук. Ошонун жыйынтыгы катарында чек ара, бажы кызматы баардыгы ушунчалык таза жакшы иштешти. Мен ыраазы болуп калдым. Буюрса калган зыяратчыларды жөнөткөндө дагы ушундай кызматтарды кылууга аракет кылабыз деген ойдомун. Анткени биздин ажыга бара турган атуулдарыбызга кичине болсо да шарт түзүү. Жакшы барып келиш үчүн. Бул иш президенттин өзүнүн көзөмөлүндө да турат.
- Баанын кымбат болгондугуна карабай зыяратка барабыз дегендердин талабы аткарылдыбы же 4,5 деген квотага батпай калгандар да болдубу?
-Автобус менен барыш арзан болгону менен кыйынчылык өтө көп болот. Быйыл эки жерге учушат. Эмиратка, андан кийин Жиддага. Жиддага учкандарга 1850-1900 доллар, ал эми Дубайга 1500 доллар болот. Биз ойлогонбуз, мүмкүн бизге берилген квота быйыл толбой калышы мүмкүн деп. Бирок андай болгон жок. Кудайга ыраазычылык билдириш керек. 4500 квота болсо анын 4530 орунга виза ачтык. Анча-мынча эсептерибиз боюнча элүүгө жакын адам катышпай калды. Айрым зыяратчылардын акчасынанбы же паспортуна кеч кайрылгандыктан алар бара албай калышты.
-Каттамдарды аткаруучу авиакомпаниялар жергиликтүүлөрбү же четтен да келүүдөбү?
- Жергиликтүү. Азыр бизде катталган “Аман Эйр”, “Эсен Эйр”, Алтын Эйр”, “Итэк Эйр” компаниялары менен учуп жатышат. Ушул “Итэк Эйр” компаниясынын "Абивинсина" деген фирманын бир учагы такай тейлейт. Ал азыр учуп кетти. Күндүзгү саат бештерде кайра эле ошол учак кайра менен зыяратчылар учушат.
-Сауд Аравияда штаб барбы?
-Ооба, ал жерде штаб бар.