Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: КАРАҢГЫ АДАМДЫН УКУГУН БУЗУУ ОҢОЙ


10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Бул дата улуттар уюму тарабынан белгиленген. 1958-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын жактырган.Көз карандысыздыкты алгандан кийин бул документти Кыргызстан ратификациялага. Улуттар Уюму быйылкы негизги кылып алган тема “Глобалдык жакырчылыкты кыскартуу” маселеси болду. Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган жыйынды Акыйкатчынын институту Бишкекте 11-декабрда өткөрүлө турганы күтүлүүдө. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен кабарчыбыз Улан Алымкул уулу маектешкен.

- Бүгүнкү жыйында адам укуктары жаатындагы быйылкы абалга баа берилип, жыйынтыктар чыгарылабы?

-Жагымсыз сөздөрдү айта турган убакыт өтүп кетти. Жашоодо, турмушта саясат өзгөрүлүп жатат. Андыктан чечиле турган маселелерди дайыма ачык айтыш керек. Мурда ачык айтчу элек. Бүгүнкү күндө жаңы бийликтен күтүүлөр көп. Жаңы бийликке жагабы, жакпайбы бүгүнкү шартты ачык, айкын айтыш керек.

- Быйыл, сиздердин статистика эмнени көргөзүүдө. “Акыйкатчы” институту түзүлгөндөн бери сиздерге арыз жолдогон атуулдардын саны кандай болууда?

-Туура. Быйыл иштегенибизге 13-декабрда төрт жыл болот. Буга чейин 2006-жылга чейин 100 миңден ашуун арыз түшсө, быйыл он айдын ичинде 12 миңден ашуун арыз түштү. Былтыркыга караганда аз. Себеби былтыркы окуяларды билебиз. Эң негизгиси Кыргызстанда стабилдүүлүк сакталганына биз да сүйүнүп жатабыз. Бирок, ага карабастан адам укугун коргоо чөйрөсүндө маселелер көп. Анын баарын чечкенге мамлекетти мажбурлашыбыз керек. Себеби, өз атуулдарынын кызыкчылыктарын коргоо жана укуктарын чечүү - мамлекеттин милдети.

- Даттанып, арыз жазгандардын басымдуу бөлүгү эмне менен байланыштуу?

- Негизинен бийлик алмашканы менен система өзгөрүлгөн жок. Мурдагы эле адам укугун бузуп жүргөндөр, мыйзамды тоготпогондор, көпчүлүгү дагы деле бийликте отуруп калды. Ошондуктан укук коргоо чөйрөсүндө адамдардын укугун бузуулар көп болууда. Кайсы жерди карабаңыз эски көз караш менен, эскиче мыйзамды сыйлабай иштегендер көп болуп жатат. Паракордук маселеси Кыргызстанда чечилген жок. Ошондуктан бир гана кыргызстандыктар эмес, чет өлкөдөн келгендердин укуктары да бузулуп, алар да бизге кайрылып жатат. Кыргызстандын Конституциясы жана мыйзамдары боюнча бир гана кыргызстандыктардын эмес, чет өлкөлүктөрдүн да укугун коргошум керек.

Үчүнчүдөн, мамлекет эмне үчүн айткан убадаларын али аткарган жок. Ошондуктан көпчүлүк эл Кыргызстандан чыгып кетип жатышат. Кыргызстанда чет жакага чыгып кеткендердин дагы укугун коргоп жатабыз.

- Адам укуктарын бузууда бирөөнүн үстүнөн бирөөнүн чоң болушу өзгөчө бийлик өкулдөрүнүн ичинен кыргыздын менталитетине байланыштуу нерсеби бул?

-Биринчиден, биздин өзүбүздүн кемчилигибиз бул өзүбүздүн укуктарыбызды билбейбиз. Сонун мыйзамдар кабыл алынып жатат. Караңгылык болуп жатат. Караңгы адамдын укугун бузуу оңой. Ошону кээ бир адамдар түшүнбөй жатышат. Экинчиден, ар бир адам ойлонуш керек. Бийликти шайлап, татыктуу күчтөрдү шайлаганда, эмне үчүн коом ойлонбойт. Чет өлкөдө айтат эл кандай болсо, президент ошондой болот. Эл өзү калыптайт өкмөттү. Ошондуктан биз өз деңгээлибизди, маданиятыбызды, дилибизди көтөрүшүбүз керек . Өзгөчө адам укук чөйрөсүндө.

- Жаңы Конституцияда кирген жаңы жоболорду тезинен ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлө баштадыбы?

-Менимче башталышы бар, бирок тез болбой жатат. Себеби, Конституцияны кабыл алганда көбү үмүттөнгөн. Эми укуктар чөйрөсүндө бийликтен өзгөрүштөр болот деген үмүт бар. Бирок бүгүнкү күндө бийликтин үч бутагында шашкан аракеттер көрүнбөйт. Мен ойлойм тезирээк өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Мейли, Жогорку Кеңеш болобу, өкмөт болобу, президент болобу, башка саясий күчтөр болобу - шаштырыш керек. Антпесе, Анжияндагыдай окуялар болуп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG