Бүгүн эртең менен аэропортко бомба коюлду деп анын сурап-билүү бөлүмүнө белгисиз бирөөлөр телефон чалышкан. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, ИИМ,УКК кызматкерлери дароо барып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, бомба жок болуп чыкты, жалган кабар боюнча УККда кылмыш иши козголду.