Ушул күндөрү аталган окуу жайдын ректору Батыраалы Сыдыков Ашхабадда жүрөт. Ал Түркмөнстандын президенти Сарапмурад Ниязовго Кыргыз агрардык университетинин ардактуу профессору деген наамды 7-декабрда тапшырган. Агрардык университеттин окуу боюнча проректору Чоро Элемановдун айтымында, “Рухнама” боюнча сабакты киргизүү үчүн жакында Билим берүү министрлигине уруксат сурап кайрылышат.
11:45 Кыргыз агрардык университети Түркмөнбашынын “Рухнама насаатын” студенттерге окуткан жатат