Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

15:43 Укук коргоочулар “Манас” аскер базасындагы кайгылуу окуяны ачык тергөөнү талап кылышууда


Укук коргоочу Наталья Аблованын пикиринде, америкалык тарап өз жоокерин актап чыкканга жана иликтөөнү создуктурууга аракет кылат. Буга чейинки базада болгон кырсыктарда деле АКШ өз кызыкчылыгын коргоп, демократиялык эмес принципте иш жүргүзгөн. Ошондуктан укук коргоочулар тергөөнүн жабык эмес, ачык жүрүшүн талап кылууда. 6-декабрда америкалык аскердин огунан каза тапкан Александр Ивановдун үй-бүлөөсүнө жардам көрсөтүү жагын караштырууга азырынча эрте деп билдирди аталган базанын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы майор Доналд Трейн Азаттыкка. Анын айтымында, иликтөө иштери улантылууда жана америкалык база алгач окуя кандайча, эмне үчүн болгондугун түшүнүү аркетин кылып жатат.

XS
SM
MD
LG