Багдаддагы америкалык аскерлердин башчылары менен телекөпүрө өткөрүү жана Вашингтондо Ирактын вице-президенти, сунни Тарек ал-Хашеми менен жолугушуусу пландаштырылды. Мындан бир нече күн мурун Ирак боюнча АКШнын атайын комиссиясынын доклады жарыяланган. Анда Вашингтонго Ирактагы стратегиясын өзгөртүү сунушу берилген.