«Газпром нефть Азия» ишканасы Балыкчы жана Каракол шаарларында дизель отунунун суукка чыдамдуу түрүн сатууга алып чыкканын билдирүүдө. Дизельдин кышкы түрү Кыргызстанга Омскидеги мунайды иштетүүчү заводдон алынып келүүдө жана 35 градус суукка чейин туруштук бере алат. Бул күйүүчү май Ысыккөл областынын май куючу жайларында 23 сом 50 тыйындан, нефтебазадан дүң баасы 23 сомдон сатылууда.