Жазаны өтөө башкармалыгы 9-декабрда 14-абакта болгон башаламандык тууралуу түшүндүрмө берди. Алгач 13-камерада кармалып турган жашы жете элек өспүрүмдөр эшикти койгулап, мыйзамсыз талаптарды койо башташкан. Андан кийин аялдар корпусунда эки камерадагылар башаламандыкты уланта башташкан. Бул башаламандык атуулдук коом өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнөн кийин гана токтотулган. Жазанын өтөө башкармалыгы билдиргенге караганда, бул чатак баңги сайынган кылмышкерлердин демилгеси менен чыгарылган.