Белорус оппозициясынын лидери, учурда абакта отурган Александр Козулин 53 күндөн кийин ачкачылык акциясын токтотту. Козулин марттагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болбой, президент Лукашенканын жеңишин тааныбоо талабы менен нааразылык акцияны уюштурганы үчүн беш жарым жылга эркинен ажыратылган.