Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: HIPC БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР АЯКТАДЫ


“Азаттык” үналгысы менен Мамлекеттик телерадио компаниянын биргелишкен “Ыңгайсыз суроолор” аттуу көрсөтүүсүнө Кыргызстандын каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров катышып, “Кыргызстандын тышкы карыздары жана Кыргызстан HIPC программасына кошулабы же кошулбайбы” деген маселе боюнча суроолорго жооп берди.

-Саламатсызбы, Акылбек мырза, келгениңизге чоң рахмат. Дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта корунун өкүлдөрү менен HIPCке кошулуу же кошулбоо боюнча сүйлөшүүлөр аяктадыбы? Анын жыйынтыктары кандай болду?

-Бул англисче алганда HIPC деп аталат. Кыргызча айта турган болсок - бул сырткы карызды жеңилдетүү үчүн атайын программа. Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта кору тарабынан иштелип чыккан. Ошол программанын кайсы шарттарын аткарса Кыргызстан ушул программага кире алат деген сүйлөшүүлөр ишемби күнү аяктады. Эларалык валюта кору жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү биздин койгон шарт, талаптардын баары тең 100 пайызга туура деп таап, ошого макулдугун беришти.

- Шарттар болгондо сиздер кандай шарттарды колдоносуздар? Ал шарттар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турган шарттарбы?

-Жалаң Кыргызстандын кызыкчылыгын колдой турган жана реформаны алып кете турган шарттар болуп атат. Мына эң оболу эң катуу талаш-тартыш биздин арабызда энерготармак боюнча болду. Алар мындай талаптарды коюп жатышат - электр тармагындагы жоготуу деп коёбуз, аны 30 пайызга чейин кыскартыкыла деп жатышат.

-Азыркы учурда ал канча пайызды түзөт?

-Азыр 38 пайыздын тегерегинде. Ал эми акчаны чогултуу азыр 76-79 % болуп атат, калганынын баары тең бартердик схема, алмашуу отчету менен кетип аткан экен. Ошону 88 пайызга чыгаргыла деген экинчи талап болуп атат. Үчүнчү талабы болсо - ушул тарифтерди дагы ордуна алып келгиле деген шарт. 2010-жылга чейин 25-26 пайызга чейин электр кубатынын баасы өсүш керек. Азыр электр кубатынын 1 кв/сааты 62 тыйын болуп атат. Мен өзүбүздүн атуулдарга сатылган бааны айтып атам. Эмки жылы 65 тыйын болот, 3 гана тыйынга көтөрүлүп атат. Ошондуктан биз бул жерде талашып- тартышып жатып, бир чечимге келдик.

-2010-жылы канча болот ушул HIPC аяктаган убакта?

-2009-жылы аяктап атканда баа же 72 тыйын, же 75 тыйын болот. Бул эл үчүн. Биз азыр коммерциялык баанын баарын өзүнчө кылдык, сауналарга баа тезирээк темпте өссүн, коммерциялык барлар, ресторанда дагы кымбатыраак төлөсүн деп атабыз. А элдикин биз дароо өстүрө албайбыз. Бирок элдики өскөн күнү дагы биз бюджеттен колуна жокторго компенсация бере алабыз.

-Акылбек мырза, HIPCке кириш керек деген маселе негизинен чечилип калды деп эсептесе болот экен да ээ анда? Өкмөт ошого бараткан турбайбы?

-Өкмөттө биз азыр жумушчу топтун деңгээлинде жумушту бүтүрдүк, өзүңүздөр билесиздер президенттин буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ошону менен бирге эле өкмөт ушул эки эларалык институттар менен сүйлөшүүлөрүн бүтүрдү. Мындан кийин өкмөт өзүнүн жыйынында чечим кабыл алыш керек. Анан президентке биз айтабыз кайсы шарттар менен киришибиз ыктымал деп. Андан соң парламентте да талкуу болот сөзсүз түрдө. Мына ушул шарттардын баарын буюрса биз эмки жумада бүт баарын массалык маалымат каражаттарына таратып беребиз. Кимде-ким ушул шарттарга каршымын, Кыргызстанга зыян келтире турган, биздин намысыбызга тийе турган нерселер экен десе, биз ошол кишилер менен сүйлөшүүлөргө даярбыз.

-Ошол талкуу канча убакытка созулушу керек?

-Март айына чейин биз талкууларыбызды жүргүзө беришибиз мүмкүн. Ушул программага өз ыктыярыбыз менен кирүүгө мүмкүнчүлүк кабыл алып атабыз. Кайсы бир убакта кирбейбиз деп кетип калсак, кетип кала алабыз.

-Менин колумда парламенттин бюджет жана каржы комитетинин жыйынынын токтому турат. Ошол жерде айтылган экен - бул программа өкмөттүн колун бууй турган программа деп. Мындайча айтканда - убактылуу чечет экен маселени, мисалы, тышкы карыздын азыр кысымы катуу болуп атат. 2-3 жылда ал маселелер чечилет экен, бирок Кыргызстан өзүнүн өнүүгүсү боюнча проблемаларын HIPC эч качан чечпейт тура. Башкача айтканда бул убактылуу гана абалдан чыгуунун жолу деп айтылып атат?

- Бул комитеттин чечимин толук айтып берсеңиз болот эле. Ал жерде 3 вариант бар, туура, бир вариантында ошондой. Ал эми башкасында болсо чын эле сырткы карыздын тейлөө шарттары жеңилдей турган болсо, эмдиги жылы 20 млн. долларга чейин бөлөктөргө төлөбөй, биз ошону өзүбүздүн элибизге беребиз, саламаттыкты сактоо, билим берүүгө, деп. Экинчи шарты боюнча мен айтып кетейин - эгерде биз карызыбызды кечип, андан нары дагы карыз ала турган болсок, анда кайра таз кейпибизге келебиз.

-Карыз албаш үчүн кыргыз өкмөтү эмне кылыш керек?

-Карыз албаш үчүн биз өзүбүздүн өнүгүү стратегиябызды 2010-жылга чейин иштеп чыктык. Анда кандай болгондо биз ушундай карыздарды мындан ары албайбыз деген маселе каралган. Бул биринчиден, экинчиден, айтып коеюн - кайсы убактарда биз кире алабыз, биз кандай өзүбүзгө максат коюп атабыз. Декабрь-март убагында кирсек 2008-жылдын март менен июлунун ортосунда программа аяктайт, ошого жетели деген ниетибиз бар. Бир жылдын ичинде программа бүтөт. Ошону менен бирге Эларалык валюта кору менен биргелешип ишке ашырып жаткан кедейчиликти кыскартуу боюнча программабыз 2007-жылдын 31-декабрында бүтөт. Эгерде ушул программаларды кудай буюрса, ийгиликтүү аягына чыгарсак анда бери жагы 700 млн. доллардан кем эмес, ары жагы 1 млрд. 54 млн. доллар тышкы карызыбыз кечирилет. Ошону менен бирге эле айтып кетейин, эми биз Париж клубу аркылуу тышкы карызыбызды кечкиле деп, ал жакка мындан ары кайрылууга укугубуз жок. Бирок ушул тышкы карызды жеңилдетүү программасына Дүйнөлүк банк, Эларалык валюта кору да макул болуп, кыргыз өкмөтү да макул боло турган болсо, анда эки тараптуу карыз деп коебуз, ошону 50 пайызга чейин кыскартып калдык. Азыр болсо жаңы этап башталат. Баягы эле Париж клубунун экинчисинин жаңы этабы башталат. Муну 90 пайыйзга чейин жоюуга мүмкүнчүлүк алабыз.

-HIPCке каршы болуп аткан кишилер азыр өтө көп. Калың калктын арасында буга чейин түшүндүрүү иштери болгон жок. Эмне себептен сиздер алгач убада берип, укук коргоочуларды, коомчулуктун өкүлдөрүн сйлөшүүлөргө катыштырабыз дедиңиздер дагы, бирок сүйлөшүү процессине аларды катыштырган жоксуңар?

- Тилекке каршы, эми түшүнүп атам, алардын баарын катыштырышыбыз керек эле. Бирок бул сүйлөшүү процесстерин өзүңүздөр билесиздер. Бир тарап өзүнүн максатын көздөйт...

- Демек, Эларалык валюта кору каршы болду десек жаңылбайбыз да ээ, ачык айтканда?..

- Алар эч кимге каршы болгон жок. Анткени сегиз айдын ичинде биз ушул сүйлөшүүлөрдүн баарын жүргүзүп атканда, шарттардын баарын тактадык, кайсы шарт менен ушул программага киребиз деп. Мына ушул шарттарды президент парламентке кайрылганда айткан "мен да билбейм", деп...

-Шарттарды ачык айтсаңыз, азыр бизге бир гана шарт белгилүү болду - энергетика боюнча айттыңыз, калган шарттарын айтсаңыз?

-Калгандары - экономиканы өнүктүрүү боюнча өзүбүздүн өнүктүрүү программабызды ишке киргизүү. Мамлекеттик финансы боюнча да бар...

-Реалдуу секторду өнүктүрүү барбы?..

-Жок, экономиканы өнүктүрүү боюнча өзүбүздүн 2010-жылга чейинки "Өнүгүү программасын" иштеп чыкпадыкпы. Ошону кабыл алуу, ишке киргизүү, ал жерде биз артыкчылык берген тармактар айтылган. Экинчи маселе - акчанын жүгүрүүсү ачык болуш керек, ал каражаттар бюджет аркылуу өтүп, парламентке отчет берип турушубуз зарыл. Ошону менен бирге өкмөт бюджеттин акчаларына көзөмөлүн күчөтүшү керек. Ички аудитти киргизип, бир дагы тыйынды бирөө жеп албаш керек дейт. Ал эми социалдык тармакты ала турган болсок, бир реалдуу пункту киргизип атабыз, билесиздер - ФАПтардын баары жоюлуп кеткен, ошону 2007-жылы 30 пайызга чейин ФАПтардын баарын ремонт кылып, жабдууларын жаңылап беришибиз керек. Саламаттыкты сактоо боюнча ошондой милдет алып атабыз. Ошону менен бирге колунда жокторго, балдарга социалдык коргоо принциптерин өзгөртүшүбүз керек. Анткени, азыр колунда болобу, болбойбу - баары эле жеңилдик алып атат. Колунда жоктогулар азыраак акча алып калып атат. Булардын баары өзүбүздүн өкмөттүн өнүгүү программасында турат. Бул программаны биз парламентке бердик. Өзүбүз өкмөттө да кабыл алдык. Бул программа сиз айткандай HIPC, мен сырткы карызды жеңилдетүү боюнча программа деп жатам - ага кирсек да, кирбесек да - аны аткарабыз.


- HIPCке кирүү менен азыркы кыргыз өкмөтү өзүнүн алсыздыгын көргөздү деген пикирлер өтө көп. Ачыгын айтканда, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов ушундай ойдо. Депутаттар Темир Сариев, Акматбек Келдибеков, Карганбек Самаковдор айтып жатышат -ички ресурстарды, Кыргызстандын байлыгын пайдаланып эле тышкы карыздарды төлөөнү чечсе болбойт беле дешип. Ачык айтканда алтын кендерин иштетүү, мисалы, Жерүй эмне үчүн жең ичинен кетти деген суроолор көп эл арасында?

-Муну экиге бөлүш керек. Бул карыз деген 1-январь 2004-жылга чейин алынган карыздар. Ал эми сиз айткандай, өзүбүздүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, ошонун баарын тең кыргыз элине жумшашыбыз керек. Эмдиги жылы эле 20 млн. долларды процент үчүн төлөйбүз...

-Коррупцияга каршы күрөшүү ыңкылаптан кийин өз деңгээлинде жүрбөй жатат деген сындар болуп жатат?

-Коррупцияга каршы күрөш - бул өзүнчө тема. Программанын дагы талабы - коррупция болбосун, өкмөт чакан болуп, компактный болсун деп жатат. Биз азыр ошол шарттын баарын алып чыгып жатабыз. Буюрса, биз президентке дагы, парламентке дагы ушуну сунуштайбыз. Гезиттин беттерине жарыялайбыз. Ошондон кийин сиз айтып жаткан кишилердин ар бири менен ой бөлүшүүгө даярмын. Сегиз айдан бери талкуулар жүрүп жатат. Сиз туура айтып жатасыз - биз түшүндүрүү иштерине катуу киришкен жокпуз. Анткени, шарттын баарын аныктап алып, финансист, экономист катары жыйынтык чыгарып туруп анан айтышыбыз керек эле. Биз өзүбүздүн эсептерибизди ордуна келтирдик. Эми март айында болсо эки институттун директорлор кеңеши өтөт, алар акыркы цифраны чыгарышат. Ошондон кийин гана биз эл арасында сүйлөшүүгө даяр экенибизди билдирип жатабыз. Президент тышкы карызды кескин түрдө жоюу же болбосо азайтуу жөнүндө өкмөткө тапшырма берген. Биз ошол программаны бир жылдын ичинде иштеп чыгып, азыр кыргыз элине да, президентке дагы сунуштаганы турабыз. Биз былтыр 24-мартта 2 миллиард доллар карыз менен өлкөнү алганбыз. Өзүбүздүн өнүгүү программабызды аткаруу менен бирге 1 миллиард долларды кыскарталы деп атабыз. Бул ички дүң продукциянын 40 гана пайызын түзүп калат. Тышкы карызга төлөй турган акчаларды болсо жеп-ичпей, бүт баарын элге жумшайбыз деген милдеттемени мойнубузга алууга даяр экенибизди биздин министрлик дагы, министр катары мен дагы айта алам.

-Жапониянын Кыргызстандагы элчиси кайсы бир талкууда айткан экен - Кыргызстан карыздын бир бөлүгүнөн HIPCке кирип кутулганы менен, мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө бул программа кепилдик бере албайт, деп. Анткени сиз айтып жаткан нерселердин баардыгы - экономиканын реалдуу секторун өнүктүүрүгө эч кандай өбөлгө түзбөйт деген маселе бар?

-Ал пикир кайсы жерде айтылганын билбейм. Бирок 13-14 жылдын ичинде 11 өкмөт алмашса, менден мурда иштеп кеткен ошол каржы министрлери деле, өкмөт башчылары деле каяктан карыз алып, ал акчалар каякка жоголуп кетип жатканын билишпесе керек. Бир жарым жылдын ичинде биз өкмөттүн гарантиясы менен бир дагы карыз алган жокпуз. Бюджетибиздин дефицитин жабуу максатында гана программалык атайын кредиттер бар - ошолорду алдык. Андан башка өкмөт аркылуу бир дагы кредит албай иштеп келатабыз.

Мындан ары биз "Өнүгүү программасын" аткара турган болсок - ошонун ичинде ички резервдерибизди пайдаланып - айтып жатпаймынбы, 2010-жылы орто эсеп менен биздин минималдуу айлык акыбыз 100-150 доллардын тегерегинде болуш керек. Бул үчүн парламент мыйзамдарды кабыл алыш керек. Өкмөт мурунку өкмөттөрдөй болуп жеп-ичпей, качпай элдин астында жооп берүүгө даяр болуш керек. Биз ошого даярбыз.

-HIPCке кошулууну тандап алып өкмөт з алсыздыгын далилдеди деген пикирлерге кошула аласызбы?

- Жок, мен кошула албайм. Мен сизге бир эле мисал айтып берейин. Азыр аты-жөнүн айтпайм. “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрүнүн бири мага ушундай сөздөрдү айтты: “Акылбек менин азыркы күндө 1 миллион доллар карызым бар. Эгерде мага бирөө "саясатка киришпе, өзүңдүн жумушуңду жакшылап жаса, айлык маянаңды көтөр, өзүңдүн кызматкерлериңе бекер санаториялык-дарылоону камсыз кылсаң бир жылдан кийин сенин 500 миң долларыңды кечем" десе, мен ошол кишинин бетинен өөп, рахматымды айтып, саясатын да, башкасын дагы токтотот элем” дейт. Мына бул экономисттин, финансисттин, бизнесмендин HIPCти түшүнгөндөн кийин айткан сөзү. Сегиз айдын ичинде мен бир дагы саясий аргументтен башка экономикалык аргумент угалбай койдум.

-Экономикалык андай аргументтердин башында эле коррупцияны азайтыш керек деген пикирлер айтылып келатпайбы. Мисалы үчүн, “Жерүйдү” ачык тендер аркылуу саталы, “Мегакомго” лиценцияны ачык берели, Центерранын, Кумтөрдүн маселесин жаап-жашырбай чечели деп айтылып келатпайбы?

-Дагы бир жолу мен сиздерге айтып коёюн, Центерра проблемасын дагы, Кумтөр проблемасын дагы бир жарым жылдан бери өкмөт көтөрүп келатат. Азыр сүйлөшүүлөрдүн баары бүтүп, парламентке дагы, өкмөттүн деңгээлине дагы чыгаралы деп турабыз. Көп нерсени биз айткан жокпуз. Бирок жасап келатабыз. Жанагы сиз айтып жаткан нерсенин баары кайталанбас үчүн биз программабызды кабыл алдык деп жатпайбызбы. Лицензиянын баары ачык-айкын, тендер аркылуу берилсин деп.

- HIPCке киргенден кийин тышкы карыздардын сиз айткан бөлүгү жоюлсун дейли. Бирок ага жетиш үчүн канча шартты аткарыш керек. Эгер шарттарды аткара албай калган күндө кыргыз өкмөтүнүн, Кыргызстандын тагдыры эмне болот?

-Бул программа өз ыктыяры менен кирип, иштей турган программа. Кайсы бир өкмөт кирбейм десе кирбей эле коёт. Жок, сиз айткандай, белимди бекем бууйм да эмдиги жылы 2 миллиард сомду тышкы карыз үчүн накталай акча менен төлөп берем, десе өкмөт аны өзү эле токтото алат. Бардык стадиясында бул программадан чыгып кеталат. Бул шарттардын баары бизди бир нерсеге милдеттендирбейт. Элдин баары айтып жатпайбы бул калп, “беке быштак капканда эле болот” дешип. 1996-жылы дүйнөдөгү күчтүү мамлекеттер жана Дүйнөлүк банк, Эларалык валюта кору чогулуп, эң кедей өлкөлөрдүн сырткы карыздары аябай көбөйүп кетти, биз канча жардам берсек деле булар жакшы боло албай жатышат. коррупция күч,ошондуктан карызыбыздын жарымын кечели деген жыйынтыкка келишкен...

-Коррупцияга каршы күрөш боюнча айтып жаткан шарттардын бирөө - мамлекеттик кызматтарга чиновниктер конкурс аркылуу тандалсын деген шарт бар да. HIPC үчүн бир шарт ушул да, туурабы?

-Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамды аткарышыбыз керек...

-Эми ал аткарылат же аткарылбайт деп ким кепилдик бере алат?

-Мен ойлоп жатам, аткарылат. Эми мамлекеттик кызматка алынып жаткандар келишим менен алынсын, ошол эле энергосистемага да кызматкерлер конкурс аркылуу иштешсин деп жатышат...

-Энерготармактагы коррупцияны жоюш керек деп айтып жатпайсызбы. Буга чейин ал колдон келген жок да. 24-марттан берки убакытты алсак, мисалы, С.Балкыбековду премьер-министр Ф.Куловдун өзү бир нече жолу маселе көтөрүп жатып кызматтан ала алган жок. Айдар Калиевдердин, Шершов дегендердин жасап жаткан иштери бул өзүнчө эле бир уламышка айланып кетпедиби. Эл арасында азыр “энергобарондор” деген түшүнүк бар. Мисалы, алар ортомчу фирмалар аркылуу электр кубатын сатышып, миллиондогон сомдорду жасап жатышат дешет. Эми HIPCке киргенден кийин эле ушул проблемаларды чечүүнүн жол жобосу барбы?

-Жол-жобосу бар. Анткени, бул программага киргенден кийин толугу менен милдетти өкмөт өзүнүн мойнуна алып жатат. Ошону менен бирге биздин жаңы Конституция кабыл алынды. Бул суроолордун баарын өкмөт гана чечиш керек. Энергетика тармагындагы коррупцияны өкмөттө мен өзүм көтөрүп чыккам. Ортомчу бир дагы фирмага электр кубаты сатылбаш керек, оффшордук аймактарда катталган бир дагы фирмага электр кубаты сатылбаш керек. Ал эми Балкыбекову болобу же башкасы болобу - өкмөттүн энерготармакка тиешеси бар өкүлдөрүнүн баары алмаштырылыш керек. Мен айтып жаткан шарттарга, мисалы, уурдоолорду 30 пайызга чейин ким кыскарта алса ошого мүмкүнчүлүк бериш керек. Ошого конкурс жарыялашыбыз керек да, таза менеджерлер келип иштеш керек. Мен ойлоп жатам - жаңы жылдан кийин өзүңүздөр көрөсүздөр, Конституция өзгөрүлдү, өкмөт боюнча мыйзам дагы өзгөрүлүп жатат - ошондой мүмкүнчүлүк болгондон кийин гана экономика бир гана жерден башкарылса, тактап айтканда, өкмөттүн өзү менен анда биз ушул шарттын баарын тең аткарабыз.

-Акылбек мырза азыр укук коргоочулар, айрым саясатчылар айтып жатышат. HIPCке киргенден тартып Кыргызстандын дүйнөлүк трансконтиненталдык фирмаларга, дүйнөлүк эларалык каржы уюмдарына болгон көз карандысыздыгы өтө күчөйт деп. Ачык айтканда мисалы, Нарын каскадындагы ГЭСтер колдон чыкса Кыргызстандын коопсуздугун сыйлоо колдон чыгат. Кыргызстандын кен байлыктары колдон чыкса сырьелук мамлекет болуп калат деген коркунуч чоң.

-Укук коргоочулар экономика-каржы боюнча жакшыраак маалыматтарды алып көрсө. Анткени сегиз айдан бери бир гана саясий коркунучтарды көрүп жатабыз. Саясий аргументтерди. Мына, мен шарттардын баарын буюрса премьер, президенттер менен макулдашкандан кийин массалык маалымат каражаттарга чыгаралы деп жатпайбызбы. Ал жерде каскадды бирөө алып кетти, сатсын же болбосо ал жайылып кетти деген бирөө жок.

-Өткөндө президент энергосектор тууралуу сөз кылганда Камбаратаны өзүнчө бөлүп чыгаруу керек деген пикирди айтпадыбы?..

-Аны биз бул программага киребизби же жокпу - баары бир жасашыбыз керекэ эле. "Камбарата -1" менен "Камбарата-2" бүтүрүш үчүн 2,5-3 миллиард долларга чейин акча керек. Ага менчик капитал алып келишибиз керек да.

-Мисалы, Юруслан Тойчубеков мындай пикир айтты эле. Камбарата ГЭСинин бирөөсүн эле тышкы инвесторлого берип, карыздан кутулсак болбойт беле, деген, ага эмне дейт элеңиз?

-Юруслан Жуманович ошентип айткан. Бирок анын механизмдери, шарттары бүгүнкү күнгө чейин жок. Айтып коюш - бул аябай жеңил. Дагы бир нерсени айтып коеюн, бул экономикалык жана финансылык программа. Аябай саясатташтырылып кетти. Биз бул боюнча дагы элге айта турган бир топ өзүбүздүн сөздөрүбүз бар. Эгер энергосектордо тартип орното турган болсок, анда эмне үчүн биз буга каршы чыгышыбыз керек. Бөлөк, чет элге кете турган акчанын баарын өзүбүздүн элибизге жумшайбыз да...

-Сырткы карызга бере турган ошол акчалар анан каякка жумшалат? Кыргыз өкмөтү билеби ал каражаттардын тагдырын же дагы деле Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын кийлигишүүсү менен чечилеби?

-Жок. Аны кыргыз өкмөтү өзү билет. Ошону менен бирге парламент менен чогуу чечиш керек бюджет катары. Биз айтып жатабыз -эмдиги жылы 1 миллиард 200 миллион сомду негизги карызга төлөйбүз. 800 миллионго жакын акчаны проценттерге төлөйбүз. Эгерде ал программага кире турган болсок 800 миллион сом же болбосо 20 млн. доллар өкмөттүн карамагында калат. Биз аны каякка жумшайлы деп жатабыз. Анын 25% элге билим берүү тармагына, 25%ин саламаттыкты сактоо тармагына, ал эми 50%ин реалдуу секторго жумшайлы деген тилек бар...

-Эмне үчүн ал каражаттын баарын реалдуу секторго салганга болбосун же бул дагы эларалык каржы уюмдарынын коюп жаткан шарттарынын бириби?

-Жок. Бул биздин шартыбыз. Билим берүү тармагыбызды өркүндөтүшүбүз керек. Эмдиги жылы бюджеттен 100 миллион сомго чейин караштырып жатабыз. Тоолуу региондорго компьютерлерди берели деген тилек бар. Мектеп куралы, бөлөктөргө төлөгөндөн көрө өзүбүз мектептерди оңдоп алалы деген ой бар. Бул - биздин министрликтин өкмөткө жана парламентке сунуш кылып жаткан идеясы. калган 10 миллион долларды болсо микрофинансирование аркылуу элге берели. Ошол 800 миллион сомду бөлөк бирөөгө карызга которгондон көрө экономикабызга салалы деп жатабыз. Бул - биринчи жылдын биринчи эле кадамы болот. Мына шарттарды макулдашып бүттүк. Эми биз аларды гезиттердин баарына чыгарабыз, теле аркылуу буюрса бердиребиз. Албетте, эгерде президент дагы, премьер, парламент дагы каршы болбосо...

-24-марттан кийин келген бийлик, мисалы, Казакстан өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулам деп атса, Кыргызстанды HIPCке кирген Африкадагы 38 мамлекеттин катарына кошом деп, ылдый кетип аткандыгы бул азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөтүп койду деген пикирлер бар. Буга оюңуз кандай?

- Мен кыска эле айтып коеюн, биринчиден 38 эмес, 29 өлкө дүйнө жүзү боюнча бул программага кирген. Ошонун 19у бүттү. Ал эми 11 өлкө, ошонун ичинде Европадан дагы, Азиядан дагы быйыл ал программага кире турган шарттарга мүмкүнчүлүк алып атышат. Бирок, биз өз ыктыярыбыз менен кирбей деле койсок болот. Анын ордуна жанагы акчаларды төлөп жүрүп отурабыз. Экинчиден болсо, Казакстанда кудай берген газы менен нефтиси бар экен. Назарбаев канча жылдан бери бир орунда олтурат. Биздики болсо, тилекке каршы, анысы да жок, мунусу да жок, жадагалса мурдагы президентибиз да качып кетти. Ошонусуна карабай, мына экономикабызды биз өзүнүн бутуна тургуздук, нугуна келтирдик. Эгерде Кумтөрдү албай турган болсок биздин ички дүң продукциябыздын өсүшү 5,5-6%ке чейин жетет деген биздин өзүбүздүн ой-пикирибиз бар.

-9 айда 3,2 % процент болуптур да?..

-Ал эгерде Кумтөрду эсепке алганда, өзүңүздөр билесиздер, Кумтөрдө авария болгондо өсүш 18%ке азаят го десек, 40 пайызга чейин түшүп кетти. Бул табигый кырсыктын бир кесепети. Экономикабыздын баары жалгыз Кумтөрдөн көз каранды болуп калган. Ушуну жоёлу деп атабыз. Ошону менен бирге коммерциялык банктардын депозиттик базасы 50%ке өстү былтыркыга караганда. Элге берип аткан кредиттердин көлөмү 30 пайызга чейин өсүп кетти.

-Бул акчалардын баары каяктан келип жатат?

-Булардын баары эл банкка ишенгенден келип отурат.

- Реалдуу сектордун өсүшү аз болуп жатпайбы. Реалдуу сектордун өсүшү боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин статистикалык комитетинин маалыматы боюнча эң акыркы орунда экен. Өндүрүштүн өнүгүшү боюнча -11,4 % дейт.

-Туура. Анткени он беш жылдын ичинде биз агрардык-индустриалдык өлкөдөн агрардык тейлөөчү өлкөгө айландык. Мурун дүң продукциянын жарымын реалдуу сектор берип келсе, бүгүнкү күнү 18-20 пайыздын тегерегине түшүп кеткен. Мунун баары реалдуу, чын эле биз элдин аягына түшүп калганбыз акыркы 15 жылда. Бирок ошону менен бирге азыр биздин статистиканы алып карай турган болсоңуз, Кумтөрдү алып койгондо, 6,5 пайызга өндүрүш өсүп атат. Аксуудагы жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдун иштегенине канча болду...

-Кандай айткан күндө дагы, Акылбек мырза, сизге чоң рахмат. Бизге бөлүнгөн убакыт аягына чыкты. Башында кыргыз бийлиги айтты эле - ушул тышкы карыздын жарымын кечсе, биз ындыкара болууга да даярбыз дешип. Чын эле ошол абалга келген окшойсуз деп жыйынтык чыгарсак болгудай экен да, туурабы?

-Ал жыйынтык экономикалык, финансылык эсептен кийин чыгыш керек. Эгерде чын эле кыргыз элине кызмат кылуу үчүн сиз айткан кебете күтө турган болсок анда ушуга өкмөттүн ар бир мүчөсү даяр болуш керек. Дагы акыркы жолу айтып коеюн, тышкы карызыбызды тейлөө үчүн биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бүгүнкү өкмөттүн оппоненттери, эмнеге киресиңер деп кыйкырып жаткандын баары, 1-2 жылдан кийин жыл сайын кайтара турган тышкы карыздын көлөмү 50 млн. же 60 млн. долларга жетет, мына 2008-2009- жылдары 67 млн. долларга барат, ошондо айтышат "экономика 3 жылда өстү. биз 100 млн. доллар тапсак, анын баарын сырткы карызга төлөп атасыңар" деп, бизди биринчи кезекте ошолор талайт. Ошондуктан кандай гана кыйынчылык болбосун өкмөт өзүнүн мойнуна ушундай жоопкерчиликти алыш керек да, бул жөнүндө элге ачык-айкын айтыш керек.

Маектешкен Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG