Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

МОСКВАДА ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН АЛГАЧКЫ КОНГРЕССИ ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва 12-декабрда, Москвада жалпы Орусиядагы кыргызстандыктардын алгачкы конргесси өттү. Ага орус мамлекетинин 23 шаарынан кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Москвадагы кыргызстандыктардын алгачкы конгресси Кыргызстандын жана Орусиянын гимндери менен ачылды. Курултайга орус жергесинин көп шаарларынан келген кыргызстандыктардан сырткары, кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн, миграция жаатындагы мамлекеттик комитеттердин өкүлдөрү да катышышты.

Орус өкмөтү жакында чыгарган токтомго ылайык, келээрки жылдын башынан тарта өлкөдөн мыйзамсыз мигранттар чыгарыла баштайт. Кийин ар бир мамлекетке чектелүү сандагы мигранттарды жиберүү үчүн квота киргизилет. Базарларда сатуучулук кылган мигранттарга бул иш менен алектенүүгө тыйуу салынат.

Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты ошол өзгөрүүлөр учурунда жөнөкөй кыргызстандык мигранттардын абалын жакшыртуу менен байланыштуу болуп жатат деди.

- Миграция боюнча мамлекеттик комитетин төрайымы Айгүл Рыскулова азыр бул жерде иштеп жатат. Орусиянын Федералдык миграция кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Негизи, бул жактагы кыргыз мигранттарынын 40% жакыны Орусиянын жарандыгын алышкан. Алар жөнүндө сөз жок. Биз эми калган мигранттардын проблемасын чечүү боюнча сүйлөшөбүз. Орусиянын дайыма эле Кыргызстанга «көзү түз болгон», мамилебиз жакшы. Эки мамлекеттин президенттеринин мамилеси да жаман эмес. Ал маселени биз мүмкүн болушунча кыргыз жарандарына жеңил болгудай кылып чечүү үстүндө иштейбиз, - деди Кыргызстандын мамкатчысы Адахан Мадумаров.

Кыргызстанда миграция боюнча мамлекеттик комитеттин Москвадагы өкүлү Тажимамат Шаболотовдун айтымында, кыргызстандык тарап орус өкмөтүнө келээрки жылдан тарта жарала турган проблеманы чечүү боюнча өз сунушун киргизгени жатат.

- Азыр Орусиядагы биздин мигранттардын ичинде 50-60% базарларда иштешет. Эгер аларды чыгарып жиберишсе, бул чоң проблемага айланат. Ошондуктан биз азыр орус өкмөтү менен ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Биз азыр ошол базарлардан чыгарыла турган кыргызстандыктарды кантип башка жерге жумушка орноштуруу маселесин чечип алсак деп турабыз. Экинчи вариант - базарлардан кетириле тургандардын оордун кыргызстандыктар менен кайра кантип толтурса болот? Ошону караштырыш керек, - дейт Кыргызстандагы миграция боюнча мамлекеттик комитеттин Москвадагы өкүлү Тажимамат Шаболотов.

Орусия тараптан орус президентинин алдында улуттар аралык маданий кызматташтык башкармасынын жетекчиси Мадес Ожегов катышты. Ал орус мамлекети өз жергесинде мыйзамсыз жүргөндөрдүн укугун коргой албай тургандыгын, ошондуктан кыргызстандык мигранттар тезирээк мыйзамдуу макамга ээ болууга аракет кылышы керектигин айтты.

Орусиядагы бир топ региондордо кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү алда качан эле орус жарандыгын алышканы айтылууда.

Жылдызбек Паизов Новосибирск шаарында кыргызстандыктардын «Адилет» деген уюмунда иштейт. Анын айтымында, Новосибирскиде расмий эмес маалыматтарга ылайык, 15 миңдей кыргызстандык жашайт жана алардын көпчүлүгү орус жарандыгын алган.

- Буюрса, Новосибирскиде биздин атуулдардан 7-8 миңдей адам орус атуулдугун алган. Документтерин тапшырып жаткандар да көп. Жаңы жылга чейин тапшырып бүтүшсө керек. Биз бул курултайга кош-атуулдук маселеси боюнча суроолор менен келгенбиз. Эми ушинтип баарыбыз эле орус атуулдугун ала берсек, Кыргызстанда эч ким калбайт го. Ошондуктан бизге кыргыз атуулдугун да сактап калганга уруксат беришсе деп келгенбиз.

«Азаттык»: Кош атуулдук маселеси азырынча чечилбейт деп айтышкан болчу. Анан сиздер бүгүнкү жыйындан эмнени күтөсүздөр анда?

- Кечээ кечинде элчи Апаз Жумагулов: «Бул маселе чечилбесе да, Кыргызстандын паспорту колуңарга берилет. Силер кайсыл убакта Кыргызстанга барсаңар, силерди өлкө кабыл ала берет» деп билдирди. Бизди ушул да кубандырды.

«Азаттык»: Сиз Новосибирскте дээрлик баары эле орус атуулдугун алган деп атасыз. Андай болсо, Новосибирсктеги кыргызстандыктардын деги проблемасы барбы?

- Чынында, бизде азыр чечилбеген маселебиз деле калган жок. Атуулдук алып алышкандар кеңири иштеп жатышат, бирок атуулдугу жокторго чындап эле кыйын болот. Апрелдин бирине чейин чыгып кетишет, - дейт Новосибирсктеги «Адилет» деген кыргызстандыктардын уюмунун өкүлү Жылдызбек Паизов.

Орусиянын Чита шаарында 5 миңдей кыргызстандык жашайт экен. Ал жактан келген Муратбек Сапарбаевдин айтымында, алардын да көпчүлүгү өзүнүн укуктук абалын оңоп алган.

- Бизде көпчүлүк мигранттар атуулдук алып жатышат. Азыр биздеги кыргызстандыктардын дээрлик жарымысы – Орусиянын атуулу.

Айдаров Кубанычбек – тээ Сибирдеги Сургут шаарынан келген. Ал Сургутта «Кыргызстан-Түндүк» деген кыргыз диаспорасында иштейт. «Бизде 10 миңге жакын кыргызстандык бар» дейт мунай жана башка кен-байлыктарга бай Сургуттун өкүлү.

- Биздин түндүктө мекендештерибиздин 80-90% соода-сатык менен иш кылат.

«Азаттык»: Анда келерки жылдан тарта күчүнө кире турган өзгөрүүлөр сиздерге түздөн- түз тиешеси бар турбайбы? (Орус өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, келерки жылдан тарта Орусияда мигранттар базарларда сатуучулук кыла алышпайт – ред.)

- Чынын айтканда, бул биздин белибизге урган менен барабар. Ошон үчүн биздин бүгүнкү максатыбыз – ушуну кичине жеңилдетип берсе деген ой менен келип олтурабыз. Биздин атуулдар Орусия менен Казакстанда көп болуп жатса, демек, ушул жактарда аларга жардам бере ала турган тийиштүү органдарды, уюмдарды көбөйтүшсө жакшы болмок. Чет жактарда иштеп жаткан кыргызстандыктарга жардам керек. Биздин таап жаткан акчаны Кыргызстанга жеткирип алуунун жолдорун табышса – ошол биринчи инвестиция. Бүгүнкү курултайдын максаты – эртең биз кантип жашайбыз деген суроого жооп табуу. Мына, жакында 15-январдан тартып 4-февралга чейин биздин жарандардын 40%га жакыны үйүндө (Кыргызстанда – автор.) болот. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы – баары-бир өзүбүз жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын сыйлап, аны аткарышыбыз керек, - деди Сургут шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Айдаров Кубанычбек.

Орусиядагы Кыргызстандыктардын конгресси алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан иш-чара. Белгилей кетүүчү жагдай, орус өкмөтү миграция жаатында жаңы тартиптерди киргизгенден кийин, биринчи болуп кыргызстандыктар өз курултайына чогулуп, проблемаларын чечип алууга ашыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG