Ушул жума ичинде кыргыз өкмөтү ХИПИК демилгесине кириш үчүн тиешелүү милдеттенмелерди моюнга алгандыгы тууралуу документти Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта коруна жөнөтүшү керек. Бул тууралуу Эл аралык валюта корунуну регионалдык өкүлү Жеймс Макхью Эл аралык ишкерлер кеңешинде билдирди. 9-декабрда сүйлөшүүлөр аяктап, Кыргызстандын кирүү шарттары такталып чыккан. Финансы министри Акылбек Жапаров буга чейин “Азаттыкка” билдиргенге караганда, ал шарттардын ичинде электр кубатына бааны көтөрүү, энергетика тармагында жоготууларды азайтуу өңдүү талаптар бар.