Өлкө парламентинин төмөнкү палатасы жактырган мыйзам долбоорунда кумар оюндары жана казинолор өлкөнүн эки жери менен чектеле тургандыгы айтылат. Мыйзам эми сенатка жиберилүүдө. Казак бийликтери өткөн айда бардык казинолор жана кумар оюндары ойнолуучу жайларды түштүктөгү Капчагай жана түндүктөгү Шушинск курортторуна көчүрүү зарыл экендигин билдиришкен. Жаңы мыйзам келерки апрелдин биринен тартып күчүнө кириши ыктымал.