Польшадагы Радсословице шаарынын башчысы Мари Газде курорттук аймактын борбору болгон Чолпоната шаарын эл аралык стандартка ылайык жакшыртууну сунуштады. Кыргызстандагы шаарлар ассоциациясынын төрагасы Болот Жапаров бир эле көчө болсо дагы бул шаардын кунары кетип баратканын жашырган жок. Ошондуктан жайкы эс алуу сезонуна чейин шаарды көрктөндүрүп, экономика, билим жана туризм тармагын жактыртуу үчүн биргелешкен келишимге кол коюлду. Чолпоната шаарынын башчысы Нурлан Насирдинов макулдашуунун экинчи этабында каражат маселеси чечилип, жашылдандыруу иши башталаарын белгиледи.(RN)
17:54 Чолпоната шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Польша мамлекети менен келишим түзүлдү