Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы этникалык саясат: кырдаал, мамиле, келечек” аттуу үч күндүк семинар соңуна чыкты. Анда учурдагы саясий чыңалуулар, каржылык жетишпестиктер жана ички миграция этникалык топтордун чырлашууларына өбөлгө түзүп жаткандыгы ар тараптан талданып, бул багытта атайын мамлекеттик саясат жүргүзүүгө мезгил жеткендиги баса белгиленди. Бул иш чараны “Сорос-Кыргызстан” кору каржылады.