Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:27

ТЫШКЫ КАРЫЗ КАНДАЙ ШАРТТА КЫСКАРЫЛАТ?


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы 15-декабрда төмөнкү билдирүүнү таркатты. Анда мамлекеттин сырткы карызын кыскартуу жана HIPC программасына кирүүнүн шарттары жөнүндө Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун миссиялары менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Өкмөтү өзүнүн позициясын коомчулукка түшүндүргөн.

Тышкы карызды кыскартуу боюнча механизмдерди жана жол-жоболорду кылдат изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн тышкы карызынын оорчулугун жеңилдетүү демилгелерин аяктоо этабына жетишүү шарттары боюнча өзүнүн алдыны көрө билүүсү тууралуу коомчулукту тааныштырууну чечти.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын кыскартуунун бул механизми өлкөнүн жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүштү турукташтыруу программасы (PRGF), кредиторлордун Париж клубунун алкагында тышкы карызды реструктуралаштыруу, көп тараптуу негизде карыз оорчулугун жеңилдетүү демилгеси (MDRI) жана айрым алганда кедей өлкөлөр үчүн (HIPC) карыз оорчулугун жеңилдетүүнүн демилгелери сыяктуу бир нече программаларга катышуусун карайт.

Киргизилүүчү шарттар системалык коррупцияны кыскартууга, мамлекеттик финансыны башкаруудагы ачык-айкындуулукту күчөтүүгө, энергетика жана кен казып алуу секторлорунда натыйжалуулукту жогорулатууга, жарандардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган бир катар чараларды ишке ашырууну болжолдойт.

Коюлган шарттар өлкөнү өнүктүрүүнүн жактырылган жана ишке ашырылуучу орто мөөнөттүү стратегиясында чагылдырылган жана аларды Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк кабыл алышына же кабыл албашына карабастан аткарылат. Жогоруда көрсөтүлгөн стратегияны ишке ашыруу менен бирге тышкы карыздын бир бөлүгүн кечүү экономикалык жана социалдык реформалардын натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.
Тиркелген шарттар талкууланып чыкты жана жалпысынан ал боюнча Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун миссиялары менен түшүнүшүүгө жетишилди. Шарттардын кабыл алгылыктуулугу жөнүндө биротоло чечимди болжол менен 2007-жылдын мартында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Директорлор кеңештеринин заседаниелеринде кабыл алуу болжолдонууда.

Эгерде мындай шарттар Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Директорлор кеңештери тарабынан жактырылбаса же болбосо өзгөртүлсө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул программага катышуудан баш тартууга укуктуу экендигин белгилей кетүү керек. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө үчүн кандайдыр бир терс кесепеттерсиз андан ар кандай стадияда чыгып кете алат.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн механизмдин алкагында кеминде 700 млн. АКШ доллар суммасында салык оорчулугун жалпы кыскартууну күтөт. Жыл сайын реструктуралаштырылган жана бошогон каражаттарды экономикалык потенциалды чыңдоого, калктын өтө муктаж болгон катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн социалдык сарптоолорго жумшоо болжолдонууда.

Өкмөт талкуулануучу шарттарды ишке ашырууну же “аяктоо” стадиясына жетишүүнү 2008-жылдын ортосуна чейин ишке ашырууну пландаштырат.
Төмөндө тышкы карызды кыскартуу программасынын шарттары келтирилген:


1. Макроэкономикалык саясат жана өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы

Макроэкономиканы башкаруу: Макроэкономикалык деңгээлде туруктуулукту кармоо, жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу экономикалык өсүш боюнча программаны канааттандырарлык ишке ашыруу мунун далили болот. Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы: Бери болгондо бир жылдын аралыгында Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү жүзөгө ашырууну камсыздоо, муну Эл аралык өнүгүү ассоциациясына жана Эл аралык валюта фондуна берилген жылдык отчет ырастап турат. Карызды башкаруу: Мамлекеттик карызды башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу.


2. Мамлекеттик финансыны башкаруу жана мамлекеттик башкаруу

Эсеп жана отчеттуулук: “Мамлекеттик финансылар статистикасы 2001” принцибинде макулдашылган жаңы бюджеттик классификацияны пайдалануу менен кварталдык негизде жакырчылыкты кыскартууга багытталган чыгымдарды жөнгө салуу механизмин жана отчеттуулукту киргизүү. Мамлекеттик мекемелер үчүн мамлекеттик сектордун отчеттуулугунун Эл аралык стандарттарына дал келүүчү эсептөөлөрдүн жаңы планын жактыруу. Ички аудит: Мамлекеттик сектордо ички контроль үчүн ички аудиттин Эл аралык стандарттарына дал келүүчү жалпы стандарттарды, методологияны жана зарыл институттук чектерди иштеп чыгуу. Мамлекеттик сатып алуулар: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Јкмјтінµ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик сатып алуулар процессине түздөн-түз түрдө катышпасын камсыз кылуу. Мамлекеттик активдерди башкаруу: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык валюта фондунун көмөгү менен өлкө үчүн узак мөөнөттүү пайда алууну максималдаштыруу максатында “Центерра Голд Инк.” корпорациясынын акцияларына ээлик кылуунун, башкаруунун жана пайдалануунун альтернативалуу варианттарына баа берүү боюнча планды иштеп чыгуу. Мамлекеттик башкаруу: Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтында Жогорку мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жµн‰ндµ маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу Мыйзамдын сакталышы жөнүндө жылдык отчетту жарыялоо.


3. Социалдык сектор


Саламаттык сактоо: Фельдшердик-акушердик пункттарды базалык медициналык жабдуу менен 30 проценттен кем эмес жабдуу жана кызматкерлерин окутуу жолу менен алгачкы медициналык-санитардык жардамды күчтөндүрүү. Билим берүү: Калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына таандык балдарды колдоо программасын иштеп чыгуу жана аткарууну баштоо. Социалдык коргоо: Ай сайынкы бирдиктүү пособиени эсептөөнүн кайра каралган методологиясын колдонуу жолу менен ай сайынкы бирдиктүү пособие алуучулардын санын бери дегенде 15 процентке азайтуу жана бошогон ресурстарды жарандардын реалдуу кирешелерин эсепке алуунун негизинде пособиелерди көбөйтүүгө пайдалануу. Жарандардын реалдуу кирешелерин текшерүүгө жана мамлекеттик бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн баалоого негизделген социалдык коргоо программаларын пайдалануу жолу менен эл үчүн электрдин тарифтеринин кымбатташын максаттык компенсациялоону камсыздоо. Пенсиялык система: Узак мөөнөттүү фискалдык туруктуулукка ылайык келген пенсиялык реформа стратегиясын иштеп чыгуу.

4. Энергетика сектору

Жөнгө салуунун чектери: Энергетика жөнүндө мыйзамда каралгандай энергетика боюнча көз каранды эмес жөнгө салуучу органды аныктоо жана жөнгө салуучу органдын көз каранды эместигин күчөтүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Финансылык туруктуулук: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын декабрында кабыл алган жана жарыяланган орто мөөнөттүк тарифтик саясатты аткарууну улантуу. Электрге орточо тарифти 2006-жылдагы орточо тарифке салыштырганда кеминде 26,5 процентке кымбаттатуу. Жарым жылдыкты “аяктоо” стадиясынын алдындагы коромжулуктардын орточо деңгээлин 30 проценттен аз деңгээлге чейин төмөндөтүү. Акчалай формадагы эсептерди алуунун үлүшүн 88 проценттен кем эмес көбөйтүү. Финансылык тартип: Өз ара чегеришүү, бартер жана башка акчалай эмес операцияларды жүргүзүү практикасын жоюу. Бардык коммерциялык субьектилер үчүн жеңилдиктүү тарифтерди алып салуу. Корпоративдик башкаруу: Мамлекеттик үлүш басымдуу болгон энергетикалык компанияларда жогорку жетекчилерди тандоону жана дайындоону ачык конкурс жолу менен ишке ашыруу. Мамлекеттик үлүш басымдуу болгон энергетикалык компаниялардын жетекчилигин аудиттин рекомендацияларынын негизинде жасалган иштер боюнча жылдык отчетту жарыялоого милдеттендирүү. Мамлекеттик үлүш басымдуу болгон энергетикалык компаниялардын баарынын жетекчилеринин жана алардын директорлор кеңештеринин ортосунда милдеттерди белгилөөгө жана иштин жыйынтыгын баалоого негизделген контракттарды түзүү. Ачык-айкындык: Мамлекеттик үлүш басымдуу болгон энергетикалык компаниялардын квалификациялуу аудиторлор аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык сертификаттаган жылдык финансылык отчетторун жарыялоо.

5. Кен казуу тармагы

Жөнгө салуучу негиз: Кен казуу секторундагы лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү жана башкаруунун жүгүн жеңилдетүү максатында эл аралык практикага ылайык “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана колдонуудагы мыйзамдын аткарылышын камсыздоо. Реструктуралоо: “Кыргызалтын” ААКнын келечеги боюнча планды даярдоо жана кабыл алуу. Ачык-айкындык: Кен казуучу ишканалардын финансылык жүгүртүүлөрү жөнүндө, анын ичинде кен казуучу ишканалардан мамлекеттик бюджетке түшүүчү бардык төлөмдөр жөнүндө жана мамлекеттик бюджет кен казуучу ишканалардан алуучу бардык кирешелер жөнүндө маалыматты ачуу боюнча жылдык жыйынтык отчетторуна кен казуу тармагында ачык-айкындыкты камсыздоо демилгесине катышкан бардык ишканалар боюнча аудит жүргүзүү.
XS
SM
MD
LG