КАБУЛ. Франция Ооганстандагы атайын бөлүктөрүн жакынкы күндөрдө чыгарып кетет. Бул жөнүндө бүгүн Ооганстанга визит жасап жаткан Франциянын коргоо министри Мишель Алио Мари айым билдирди. Азыр Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында Франциянын 200дөй атайын аскери жайгаштырылган. Баары болуп Ооганстанда 2 миң француз аскери кызмат өтөөдө.