МОСКВА. Кечээ Москвада оппозициянын миңдеген өкүлдөрү Россиянын президенти Путинге каршы митинг өткөрүштү. Мурдагы шахмат чемпиону Гарри Каспаров жетектеген митингчилер коррупцияга жана демократиялык эркиндикти чектөөгө нааразылык билдиришти. "Азаттыктын" Москвадагы кабарчылары демонстрациягы катышкан 3 миң кишинин 50дөйү коопсуздук кызматчылары тарабынан камакка алынып, кайра койо берилгенин маалымдашты.