БАГДАД. Иракта 50 кишинин сөөгү табылды. Божомолдорго караганда, алар сектанттык ич ара араздашуулардын курмандыктары болгон. Анын аралыгында, АКШнын Ирактагы аскердик командачылыгы жолго орнотулган бомбадан ишенби күнү америкалык үч солдат курман болгондугун билдирди. "Кабар" агенттиктеринин маалыматына караганда, 2003-жылы Америкалык аскерлер Иракка басып киргенден бери Иракта 2 миң 900 америкалык аскер жан таслим болду.