Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Президент Хамид Карзай Хюман Райтс Уотч уюмунун баяндамасын четке какты


Президент Хамид Карзай Оооган президентинин администрациясында кылмышкерлер отурат деген мазмундагы Хюман Райтс Уотч уюмунун баяндамасын негизсиз деп, четке какты. Уюмдун өткөн аптада жарыялаган баяндамасында, экс-президент Бурхануддин Раббани, кубат министри Исмаил Хан, мурунку вице-президент Карим Халили, мыйзам чыгаруучулар Абдул Расул Саяф жана Мохамад Касым Фахим согуш кылмышкерлери деп айтылат. Анда укук коргоочулар Ооган жана эл аралык соттору 1979-1992 жылдагы коммунисттик режим учурунда, 1992-–1996-жылдары атуулдук согуш мезгилинде жана 1996-жылдан тартып 2001-жылга чейин Талип режими учурундагы окуяларга байланыштуу ушул адамдарга каршы кылмыш ишин ачууну сунушташкан.

XS
SM
MD
LG