АКШ конгрессинде демократиялык партиянын лидери Хэрри Рид Иракта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча аскерлерди Багдадка 2-3 айга жиберүүгө макулдугун билдирди. Риддин айтымында, бул демилге 2008- жылдын башында бардык аскерлерди Ирактан чыгаруу боюнча жалпы пландын алкагында убактылуу чара катары гана мүмкүн. Учурда Иракта америкалык 135 миң аскер бар.
Демократ Хэрри Рид Иракта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошумча аскерлерди жиберүү демилгесин колдоду