Депутат Ө.Текебаев бүгүнкү жыйындын маалында Улуттук коопсуздук кызматын сынга алды. Анын айтымында, бул орган өз милдетин так аткарбай жатат. "Мына мисалы, Данияр Үсөнов Өзбекстанга барып, электр энергиясын мурдагы 2 центтин ордуна 1 центтен сатууга, ал эми сууну 10%ке көбөйтүүгө макул болуп келди. Бул Кыргыз мамлекетинин коопсуздугуна урулган сокку, Улуттук коопсуздук кызматы ушундай маселелерге көңүл бурушу керек эле", - деди Ө.Текебаев.