Бул тууралуу президент Бакиев кечээки түз эфирде «Азаттыктын» кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, мурда бир жылда Кыргызстан АКШ базасы үчүн 2 млн. доллар гана алса, жаңы келишимге кол коюлгандан ушул убакытка дейре эле 4 млн. доллар каражат түшкөн. (SM)