Алардын көпчүлүгү Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунун тургундары.12 кишинин экстремизмге тиешеси бар же жок экендигин улуттук коопсуздук кызматы териштирүүдө. Шектүү адамдарды тинтүү маалында «Хизб-ут-тахрир» партиясынын 7 кара түстүү туусу, 1747 баракча, 499 китеби менен жүздөгөн журнал, укма-көрмө тасмалар, Калашников автоматынын 5 огу табылган. Ички иштер башкармасынан алынган маалымат боюнча жашыруун уюмдун таасиринде жүргөн 824 киши каттоодо турат. Ал эми коомчулуктун болжолунда “Хизб-ут-тахрир» партиясынын мүчөлөрү облуста миңдеп саналат. Жалалабатта жыл башынан бери диний экстремизмге байланыштуу 39 иш катталган. (YA)
11:59 Жалалабат: Диндер аралык кастыкты козгогон деген айып менен 19 адамга кылмыш иши козголду