Премьер-министр Ф. Кулов бүгүн өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өкмөт калышка эч акысы жок экенин билдирди. Анын айтымында, жаңы Конституциянын талаптарына ылайык саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашыруу үчүн Өкмөт отставкага кетиши керек. Өкмөт мүчөлөрү Ф.Куловдун сунушун жапырт колдоого алышты. Премьер-министр ошондой эле мындай шартта парламенттин дагы өзү таркап кеткени туура болорун белгиледи. Өкмөттүн толук курамы менен отставкага кетүү жөнүндө арызы бүгүн президентке берилет.Президент отставканы кабыл алышы же албай коюшу да мүмкүн.