Жалалабатта саясий жана коомдук уюмдар ХИПИК программасына кирүү-кирбөө жана тышкы карыздарды төлөө маселесин талкуулашты. Бул программага кирүүгө каршы пикирлер айтылды. Эл аралык каржы уюмдар коюп жаткан шарттар жөнүндө элге туура маалымат берүүнү талап кылышты. Облбийлик тышкы карызды баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу жоюуну сунуш кылса, айрым аялдар карызды азайтуу үчүн кореялыктар сыяктуу сөйкөлөрүн берүүгө дилгирлигин билдиришти. (YA)