Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

17:47 Өзбекстандын Фергана-Шаймардан авто жолун Кыргызстан тарап жаап коюшу мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” 20-декабрь күнү Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев маалым кылды. Анын айтымында 19-декабрь күнү Фергана облусуна караштуу Риштам районунда эки тараптуу жолугушуу болуп, анда Өзбекстандын Алтыарык району менен Кадамжай району чектешкен жерде орун алган Борубалык бекетин өзбек чегарачылары кечки саат алтыдан таңкы саат сегизге чейин кулпулап коюшу боюнча сүйлөшүү жыйынтыксыз болду. Буга Баткен облус акимчилигинин мурда да бир катар сүйлөшүүлөр, эскертүүлөр болгону менен Өзбекстан тоготпогон мамиле жасаганын сынга алып, эгер бул маселе жакынкы күндөрдө оң жагына чечилбесе кыргыз тарап да кошуналарга жооп катары Фергана-Шаймардан автожолун кечки саат сегизден таңкы сегизге чейин жабуусу тууралуу эскертишти.

XS
SM
MD
LG