Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ЖӨӨ КҮЛҮК КЫЗБЫ ЖЕ БАЛАБЫ?


Индия телегейи тегиз өсүп, өнүп келаткан өлкө. Индиялык миллионерлер Батышта дөө шаа ишканаларды сатып алышууда. Боливуд фильмдерин Канн фестивалында көрүүгө болот. Ал эми 20-кылымда итке минген жакырчылыктын чордону саналган Индиянын экономикасы бир муундун ичинде дүйнөдө үчүнчү орунга чыгат деп болжолдонууда. Индустар бирок спорт тармагында чоюндай булчунун көрсөтө албай келатат. 929 медал таркатылган 2004-жылдагы жайкы Олимпияда оюндарында Индия болгону бир медал алды. Андан бери көп эч нерсе өзгөргөн жок, ал эми жакында өлкөнүн улуттук сыймыгы болгон күлүк кыз чындыгында күлүк бала экендиги жарыялангандан кийин, индустардын шаабайы ого бетер сууй түштү.

Ушул айда Катарда өткөн 15-азия оюндарында Сантхи Соундаражан аялдардын 800 метрге жарышында экинчи болуп келген эле. Индустар кубанычы койнуна батпай сүйүнсө, бир чети "мына кара таман кедейдин кызы да ак сөөктөрдүн катарына кошула алат экен" деп шыпшынышкан.

Кирпич куйган кара жумушчунун 25 жаштагы кызы Индияга күмүш медал алып бергенин ата-энеси көрө алган жок, анткени алардын жада калса телевизору жок экен, кызын коңшусунан сурап алган телефондон чалып куттукташкан.

Бирок, мелдештен кийин өткөрүлүүчү күч-кубат берүүчү дары колдонбогонун текшерүүнүн учурунда, Соундаражандын жынысынан күмөн саноо пайда болуп, доктурлар анын канын жана хромосомдорун анализдешти.

Белгилүү болгондой, аялдардын клеткасында эки Икс хромосому болот, ал эми эркектерде бир Икс, бир Игрик хромосомдору бар. Бирок, ар бир 500-600 спортсмендин кур дегенде бирөөнүн хромосомдору аномалиялуу болуп чыгат, ал тургай кимдин эркек же аял экендигин жалаң хоромосомдор менен түшүндүрүү мүмкүн эмес болгон учурлар кездешет.

Мисалы, Испаниялык барьерист Мария Патино 1985-жылы жыныстык тесттен өтпөй калган, бирок эркектерде басымдуулук кылган тестостерон гормонун анын организми кабылдабай тургандыгы аныкталгандан кийин, ага байгесин кайра кайтарып беришкен. Ушул сыяктуу окуяларга байланыштуу бир катар спорт уюмдары, анын ичинде эл аралык Олимпия комитети жыныстык текшерүүдөн баш тарткан. Бирок Азиянын Олимпия кеңеши аны дагы деле өткөрүп келатат.

Мына ушундай тестте Соундаражан эркек деп табылганын Индиянын Олимпиада биримдигинин башкы дарыгери Доктор Сингх жарыя кылды. Адистин айтымында, мындай жыйынтыктын бир нече себептери, анын ичинде хромосомдордун аномалиясы, же денесинин тескери өнүккөнү болушу мүмкүн. А балким, Индиянын маалымат каражаттарында айтылып келаткандай, байгелүү орунга жетиш үчүн жөө күлүк жыныстык органын алмаштырган болушу да ажеп эмес.

Спорт комментатору Аяз Мемондун "азыркы муун биринчи болуш үчүн баарына барат" деп айтканында чындык бардыр. Кандай болгон күндө да соңку Азия оюндарында Өзбекстан менен Казакстандан да артта калган Индия спортко көбүрөөк көңүл бурууга тийиш экенинде калет жок. Бүгүн өлкө бул тармакка жылыга 100 миллион доллар, же киши башына 10 цент жумшайт.
XS
SM
MD
LG