АКШ президенти Буш Ирактагы америкалык аскерлердин саны көбөйүшү мүмкүндүгүн айтууда. Бирок аскерлердин саны канчага көбөйөөрү азырынча белгисиз, дейт Буш. Президенттин белгилешинче, Ирактагы согуш катаал чечимдерди жана кошумча курмандыктарды талап кылат. Ал-Каида АКШны жаңы чабуулдар менен коркутууда. Ал-Каидадагы экинчи адам Айман аз-Заухари дүйнөдө мусулмандарга чабуул токтомоюнча, АКШ жана батыш өлкөлөргө жаңы чабуулдар жасалаарын билдирди.