Марат Султанов президент менен жолугушуу учурунда 55 депутат кол койгон кайрылууну да тапшырмакчы. Ал кайрылууда депутаттар парламентти таркатууга жол бербөө, президенттин конституциядагы ыйгарым укуктарын кайра карап чыгуу жөнүндө сунуштарын беришкен. Камчыбек Ташиев баш болгон бир катар депутаттар президентке жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо укугун берүү жөнүндө сунуш көтөрүп жатышат.