Президент К. Бакиев менен ЖК төрагасы Марат Султанов сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушундай бүтүмгө келип жатышат. Бул жөнүндө парламенттин вице-спикери Эркин Алымбеков билдирди. Депутаттар өкмөттүн отставкасынан кийин түзүлгөн кырдаалдан чыгыш үчүн жаңы Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш менен президентке кайрылышкан. Бирок, Э. Алымбековдун айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ал кабыл алынгандан кийин үч айдан кийин гана киргизүүгө болот. Ошондуктан, бир сунуш иштеп чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясын түзүү керек болот, анткени президенттин сунушу мурдагы мыйзамдарга да каршы келип жатат.