Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

19:24 Конституциянын жаңы редакциясын кароо жөнүндө маселени парламент күн тартибине киргизди


Конституциянын жаңы редакциясы депутаттарга таркатылып берилди. Анда бир катар принципиалдуу өзгөрүүлөр бар. Мисалы, президент губернаторду, акимдерди дайындоо укугуна ээ болот, күч органдары президентке баш ийип калат, мамлекет башчынын аппараты эмес администрациясы болот. Парламенттеги депутаттардын саны 90 эмес 75 болууга тийиш. Баш мыйзамдын жаңы редакциясын депутат Камчыбек Ташиев баш болгон президентке жан тарткан бир катар депутаттар иштеп чыгышкан. Анны кабыл алуу үчүн 50 дөн кем эмес добуш керек. Бирок, депутаттардын бир бөлүгү, атап айтканда оппозициядагы депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы добуш берерин билдиришти. Алардын жүйөөсүндө, Конституциянын жаңы долбоору Конституциялык Соттун корутундусу жок, парламенттин регламентин бузуу менен күн тартибине кирди. Депутаттар бул маселени эртең карай турган болуп тарашты.

XS
SM
MD
LG