Бул мыйзам долбоору 41 депутаттын демилгеси жана сунушу менен парламенттин күн тартибине киргизилген. Анын Өкмөт отставкага кеткенден кийинки түзүлгөн укуктук туңгуюктан чыгуу максатында даярдалганын билдиришкен. Бирок, оппозициядагы депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы чыгууда. Азыркы учурда алар долбоордун кемчиликтерин чукуп көрсөтүп, мыйзам долбоорун сунуш кылган депутаттардын бири Исхак Масалиевге суроолорду жаадырышууда.
10:00 Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулаганга киришти