Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:51

11:10 А.Бекназаров: Акыр аягында эле парламент сөзгө калат


Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, президент Курманбек Бакиев бул Конституцияны парламент кабыл алып берген күндө да ага кол койбой коюшу ыктымал. Анткени, биринчиден, ал антиконституциялык жол менен кабыл алынганы турат, экинчиден, дүйнө коомчулугу алдында кайра Акаевдин Конституцияны кайтарып алды деп сынга калууну каалабайт. Мындай учурда эл алдында парламент гана уютка калат жана бул болсо парламентти таратууга негиз болуп берет. Ошондуктан биз бул Конституциянын долбоорун кабыл албашыбыз керек, ал эми азыркы Башмыйзамдагы кемчиликтерди мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен жоёлу, деди А.Бекназаров.

XS
SM
MD
LG