Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов дүйнөдөн кайтканы маалым болгон соң, сүргүндө жүргөн түркмөн оппозициячылары мекенине кайтып келээрин билдиришти. 21-декабрда жүрөгү кармап, көз жумган Сапармурад Ниязов ушул жекшембиде акыркы сапарга узатылат. Президенттин милдетин вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри Гурбангули Бердымухамедов аткарат. Түркмөнбашы өлкөнү 1985-жылдан бери башкарып келген.